Улуттук энергохолдинг: Пландык өчүрүү киргизилбейт, бирок электр энергиясын үнөмдөө керек

Улуттук энергохолдингден өлкөнүн энергосистемасы тармакка эң көп күч келген сааттарда бардык өндүрүүчүлүк кубаттуулугу түгөнгөнүн билдирди. Бул боюнча билдирүүнү энергетиктер 12-январда таратышты.

Алардын маалыматына ылайык, 11-январда электр энергиясын суткалык керектөө пландалгандан 10,2 млн кВт/сааттан ашып, 70,9 кВт/саатты түзгөн. Былтыр электр энергиясын керектөө 59,7 млн кВт/саатты түзгөнү белгиленди.

Анткен менен энергохолдингден «Клоопко» азырынча пландык өчүрүүлөр же башка чектөөлөр киргизилбей турганын билдиришти. Холдингден үнөмдөөгө чакыруу менен гана чектелишерин кошумчалашты.

Энергетиктер кыргызстандыктарды кечкисин (18:00-21:00дө) жана эртең мененкисин (7:00-10:00) электр энергиясын көп короткон электр буюмдарын колдонбоого чакырышты. Бул авариялык өчүрүүлөргө жол бербөө үчүн маанилүү.

Минкабдын башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин айтымында, мындай суукка бардык кызматтар даяр.

«Биз жайдан баштап кышка даярданганбыз. Көмүр менен камсыз кылганбыз, көмүрдүн баасын дагы көзөмөлгө алганбыз, үзгүлтүксүз электр энергиясын берүү боюнча, аны дагы көзөмөлгө алганбыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча авариялык жагдай жок [...] Бүт жерде электр энергия бар, жылуулук бар деп айта алабыз», — деген ал.

Буга чейин Кыргызгидромет өлкө аймагында «аномалдуу суук» күтүлүп жатканын билдирген. 10-11-январда абанын температурасы төмөндөрү, ал эми 12-13-январда Чүй өрөөнүндө термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн -25°С, ал эми Суусамырда -38°С төмөн түшөрү болжонгон.