ССМ: Суранованы ооруканага жаткыруу чечимин ЖАК өзү деле чыгара алат

Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынган активист Перизат Суранованы ооруканага жаткыруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугунун кереги жок. Бул тууралуу мекеменин пресс-борборуна таянып 24.kg маалыматтык агенттиги жазды.

Буга чейин активистке «жатын миомасы» деген диагноз коюлуп, жыныс органында пайда болгон шишиктер жарылып кетсе, кан көп жоготуу коркунучу жаралып, ал өмүрүнө коркунучу туудурушу мүмкүн, ошондуктан тез арада операция жасоо зарылдыгы айтылган. Ал эми Жазаларды аткаруу кызматынан (ЖАК) Суранованы ооруканага жаткыруу үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин макулдугу керектигин билдиришкен.

«Бизде Жазаларды аткаруу кызматы менен буйругубуз бар. Ага ылайык, эгер мекемеде пландык дарыланууга муктаж адам бар болсо, ЖАК министрликке кат жазып, бейтап ооруканага жаткырылат. Эгер бейтаптын абалы өтө эле оор, жана медиктердин кийлигишүүсү талап кылынып жатса, анда алар министрликке кайрылып отурбай эле тез жардам чакырып, ооруканага жаткырышат. Перизат Суранова боюнча, ЖАКтын медиктери жооптуу. Алар деле биз сыяктуу адистер. Алар камактагы адамды пландык дарылоодон өткөрсө болобу же тез арада операция кылуу керекпи өздөрү аныктап, ошого жараша бейтапты кайда жаткырса болорун чечиши керек», — деди 24.kg’ге Саламаттык сактоо министрлигин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева.

Материал жарык көрөр учурда «Клооп» ЖАКтан комментарий ала алган жок.

Активист Перизат Суранованын саламаттыгы начарлап кеткени 20-декабрда, ага көз карандысыз дарыгер Бермет Барыктабасова барып кеткенде эле белгилүү болгон.

Барыктабасова активист төшөктөн тура албай, дааратканага үч адамдын жардамы менен барып жатканын билдирген. Ошондой эле, анын айтымында, Суранова башы катуу ооруп, көзүнүн көрүүсү начарлап, уктай албай калган. Анда активист саясий ачкачылык кармап жаткан болчу, бирок кийин, 28-декабрда, ачкачылыкты токтоткон.

Кемпир-Абад иши

Перизат Суранова 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаган башка активист жана саясатчылар менен бирге кармалган.

Кармалгандардын бир бөлүгү 22-октябрда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү болушкан.

ИИМден аларга карата «Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдык көрүү» беренеси менен айып тагылганын билдиришкен. Кармалгандардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Алардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип 19 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Жыйырмадан ашык саясатчы менен активисттин кармалышын бир катар депутаттар айыптап, ал эми Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму бийликти кармалгандардын баарын бошотууга чакырган.

Башкы беттеги сүрөт: Токтосун Шамбетов / «Азаттык».