ӨКМ: Кара-Жыгач айылындагы балдар үйүндө өрт чыкты, жабыркагандар жок

13-январда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы балдар үйүндө өрт чыкты. Тилсиз жоонун кесепетинен жабыркагандар жок. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт кечки саат 19:00 чамасында башталып, жерине барган ӨКМдин эки өрт өчүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери 20:13тө чектөөгө алган. 23:08де өрт толугу менен өчүрүлгөн.

Ал эми имаратын ичиндеги тарбиячылар менен балдар толугу менен эвакуацияланган. 

Кырсыктын кесепетинен эки кабатуу балдар үйүнүн жыгач устундуу темир менен жабылган 320 чарчы метр чатыры, экинчи кабаттагы буюмдар толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.