Төрөбаев күтүлүп жаткан суукта электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү тапшырды

5-январда Минкабдын төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев энергетиктерге электр жарыгын үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды. Мындай тапшырманы ал Чүй электр тармактар ишканасынын жыйынында берди.

Чогулушта Бакыт Төрөбаев энергетиктер алдыдагы суукка толук даяр болушу керек деп белгиледи.

«Келерки аптадан тартып аба ырайы кескин өзгөрүшү күтүлүүдө. Андыктан бүгүнтөн тартып Кыргызстандын бардык электр тармактары ишканалары ар түрдү чыңалуудагы көмөк чордондордун жана электр чубалгыларынын ишенимдүү иштөөсүн дыкат көзөмөлгө алыңыздар», — деп тапшырды Төрөбаев.

Төрөбаев бул жылга карата коюлган пландарды өз убагында, жеткиликтүү деңгээлде аткаруу үчүн электр жабдууларды сатып алуу, алмаштыруу жана оңдоо жумуштарын тездетүүнү тапшырды. Ошондой эле ал, «акылдуу электр эсептегичтердин» көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын билдирип, муну менен электр энергиясынын жоготууларынын пайда болуусун алдын алууга жана аларды азайтууга болорун белгиледи.

Буга чейин Кыргызгидромет келээрки аптадан тарта катуу суук болорун билдирген. Агенттиктини маалыматына ылайык, 9-январдан тарта айрым аймактарда абанын температурасы -12 градуска чейин төмөндөйт.

2022-жылдын ноябрь айынын башында Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Анда Улуттук энергохолдинг электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жеткенин улам болгонун түшүндүргөн.

Былтыркы кышта калкыбыз суткасына 55 млн кВт/саат алган болсо, быйыл суткасына 70 млн кВт/саатка чейин жетти, –деп декабрдын ортосунда Улуттук энергохолдингтен белгилешкен. Аталган ишкананын төрагасы Талайбек Байгазиевдин айтымында өлкөдө электр энергиясын колдонуу эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Энергетиктер кыргызстандыктарды электр жарыгын үнөмдүү пайдаланууга, жылытуунун альтернативдүү түрлөрүн колдонууга чакырган.

Дагы окуңуз:

Улуттук энергохолдинг өлкө боюнча жарык өчүрүүнүн себебин айтты

Улуттук энергохолдинг: Электр энергиясын керектөө эң жогорку чекке жетти