Өкмөт өлкөдөн накталай долларды чыгарып кетүүгө убактылуу тыюу салды

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 16-январда Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салынганын билдирди. Чечимге минкабдын башчысы Акылбек Жапаров кол койду. Тыюу убактылуу экени жана «тийиштүү чечим кабыл алынганга чейин» күчүн жоготпосу белгиленет.

Минкабдын маалыматына ылайык, тыюу «финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында» киргизилди.

Валютаны накталай алып чыгып кетүүгө төмөнкүлөр үчүн тыюу салынды:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000 доллардан көп суммада чыгарууга;

– Кыргызстандын жарандарына жана резиденттерине 10 000 доллардан көп суммада чыгарууга.

Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 000ден ашык накталай доллар алып чыккан учурда белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.

Минкабдын башчысы УКМКнын Чек ара кызматы менен Мамлекеттик бажы кызматына өлкөдөн накталай долларды алып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүүсүн тапшырды.Кыргызстанда накталай доллардын тартыштыгы Орусия 24-февралда Украинага толук кандуу кол салуусун баштап, андан соң ага дүйнө мамлекеттеринин көбү болуп көрбөгөндөй санцияларды киргизгенден баштап, дээрлик бүткүл 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин сезилип келе жатат.

Экономист Марат Мусуралиев 2022-жылдын ноябрында «Клоопко» курган маегинде накталай валютанын тартыштыгын батыш өлкөлөрүнүн Орусияга накталай доллар менен еврону түз жеткирүүгө тыюу салганы менен байланыштырган.

Анын айтымында, Орусияга АКШ долларынын агымы токтоп, бирок суроо-талап күчтүү бойдон калгандыктан ал ошол «накталай акчаны дүйнө жүзүнөн, биринчи кезекте Орусия менен экономикалык интеграциясы жогору, визалык режими жок, чек арадан өтүү тартиби максималдуу жөнөкөй өлкөлөрдөн “сордура” баштаган».

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2022-жылдын январ-ноябрь айларында жеке жактар башка өлкөлөргө 912,21 млн доллар которушкан. Анын ичинен 860,3 миллиону Орусияга которулган — бул 2021-жылы чет өлкөгө агылып кеткен доллардын баарынан (562,8 млн доллар) да көп.

Мусуралиевдин пикиринде, Кыргызстанда накталай доллардын тартыш болуп жатканына Орусия өз аймагынан долларды которууга тыюу салганы экинчи себеп. Ал мурда эмгек мигранттары Орусиядан рубль жана доллар которуп жүрүшкөн болсо, азыр алар накталай рубль гана которуп же ташып кете алышат деп белгилейт.

Дагы окуңуз: Кыргызстан долларын дагы деле жоготууда. Алардын көбү Орусияга кетип жатат

Башкы беттеги сүрөт: Unsplash/Engin Akyurt.