Жалал-Абад: Майлуу-Суудагы билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы бардык билим берүү мекемелери онлайн окутууга өттү. Бул тууралуу 16-январда «Клоопко» Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, онлайн окутуу шаардагы кырдаал турукташканга чейин узартылат. 13-январда шаар жылуулуксуз жана суусуз калган, мындан улам өзгөчө абал киргизилген.

Анда ӨКМ 12-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Ведомство 14-январда суу тосмо булактын суусу менен толтурулуп, №1 жылытуу мешине коё берилгенин билдирген. Жыйынтыгында, тургундарга жылуулук бериле баштаган. Кырсыктан улам үч от казан жарактан чыккан.