Белгилүү ырчы Малик Аликеев 54 жашында дүйнө салды

«Мөлмөлүм» ырын өзгөчө чеберчилик менен аткарып таанылган ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Малик Аликеев каза болду. Ал 54 жашта эле.

Ырчы оорудан каза болгону айтылды. Аликеевдин жамбаш сөөгүнө бир нече жолу операция жасалган. 2020-жылы анын төшөктө жатып ырдаган видеосу тарап, күйөрмандары анын саламаттыгына тынчсызданган.

Малик Аликеев өзү туулуп-өскөн Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жерге берилери айтылды, коштошуу зыйнаты качан болору кабарлана элек.

Ырчы «Мөлмөлүмдөн» сырткары «Сардал кыз», «Арзыкан», «Таласым», «Жалжалым» жана башка ырлары менен күйөрмандарынын жүрөгүнөн орун алган. Маркум дээрлик бүт өмүрүн кыргыз маданиятына арнады.