Кудрет Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАнын башкы директорлук кызматынан кетти

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) директору Кудрет Тайчабаров өз каалоосу менен кызматынан кетүү тууралуу арыз жазды. Бул тууралуу «Клоопко» кеңешчиси Ильяс Ташбаев билдирди.

«Ден соолугуна байланыштуу арыз жазды. Тайчабаров быйыл эки жолу дарыланды», — деди Ташбаев.

Kaktus.media’нын маалыматына ылайык, ЭЭАнын жаңы директору болуп мурдагы юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов дайындалышы мүмкүн.

Тайчабаровдун айфондору жана жол тандабастары

2022-жылдын августунда Кудрет Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАдын бюджеттик эсебинен Toyota Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү унаа алганы белгилүү болгон. Бирок аткаминер смартфонду мурдагы жетекчи сатып алганын айткан. Ал эми жол тандабас ишкананын балансына «Бисталь» компаниясынын карызынын эсебинен келгени маалым болгон.

Кийинчерээк «Рейтинг.kg» YouTube каналында Тайчабаровдун маеги чыккан, анда ал жумушуна байланыштуу «кымбат буюмдарды пайдаланууга туура келип жатканын» айткан.

Тайчабаров «Бишкек» ЭЭАнын башкы директору болуп 2020-жылы дайындалган. Ал 2022-жылдын январь айында Бишкектин Аалы Токомбаев көчөсүндө Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаасы менен жол кырсыгына кабылган. Натыйжада Daewoo Kalos үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу — 22 жаштагы жигит жабыркап, ооруканага жеткирилген. Тайчабаров өзү жабыркаган эмес. Ал кырсыкка Daewoo үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу күнөөлөгөн.

Тайчабаров аялдардын дарегине карата айткан сексисттик сөздөрү менен дагы белгилүү. Мисалы, ал кыргыз кыздары Түркияга барып, сексуалдык кызмат көрсөтүү тармагында иштеп жатышат деп айткан.

Ал аны менен эле токтоп калбастан аны сындаган аялдарды тамеки чегет деп, аялдардын тамеки чегүүсүнө тыюу салууну талап кылган.