Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлердин сый акысы кайда жумшалганын айтты

Президенттин администрациясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекеттик кызматкерлерге квартал сайын берилүүчү премия эмне үчүн жыл аягында убактылуу токтотулганын айтып берди. Анын айтымында, акча мамлекеттин коопсуздугун бекемдөөгө кеткен.

Ал чек арада Тажикстан менен болгон ири куралдуу кагылышуудан кийин куралдуу күчтөрдү бекемдөөгө жана коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи.

«Мамлекеттик кызматкерлерге берилген премия мамлекетибиздин коопсуздугун бекемдөөгө салым катары кошулуп жатат. Буга чейин болуп көрбөгөн абадан коргонуучу “Байрактар”, “Аксунгур”, “Акынжы”, “Анка” өңдүү заманбап аскерий техникалар сатылып алынып, алды Кыргызстанга келди. Премиянын убактылуу берилбей калышы менен мамлекеттик кызматкерлер өлкө коопсуздугун чыңдоого аз да болсо салым кошту деп айтсак болот. Эгер өлкө өзүнүн коопсуздугун сактай албаса, мамлекеттик кызматкерлерге каралган “кварталдык премия”, кошумча каражаттар эч нерсеге арзыбай калары анык. Андыктан айрым кесиптештердин “премия кыркылды” деп таарынганы орунсуз», — деп жазды Орунбеков Фейсбук барагында.

2022-жылдын аягында депутаттар аларга мамлекеттик кызматкерлер келип, кварталдык сый акылары төлөнбөй жатканын айтып арызданышканын билдиришкен. Анда минкаб бардык мамлекеттик кызматкерлердин айлыгы көтөрүлгөндүктөн сый акылар кыскартылганын маалымдаган.

Андан кийин эле өткөн жылдын декабрынын аягында депутат Кундузбек Сулайманов мамлекеттик кызматкерлерге 13-айлык дагы төлөнбөгөнүн, ал корголгон берене болуп саналарын билдирген.

Баткендеги куралдуу жаңжал

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрда болгон. Атышуу мамлекеттик чек аранын бардык периметринде жүргөн.

Куралдуу жанжал учурунда Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарда жашаган 130 миңден ашуун адам үйүн таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөн. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, атышуунун кесепетинен 63 киши курман болгон, алардын 48и аскер кызматкери, дагы 206 адам жабыркаган.

Ал эми Тажик бийлиги кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаганын белгилеген. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.

Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптаган.

Куралдуу кагылышта бир нече кыргыз айылында жүздөгөн турак жай жабыркаган. Кыргызстандын чек ара жаңжалынан улам тарткан материалдык зыяны 3 млрд 130 миң сом деп бааланган. Баткендин тургундары калыбына келтирүү иштери жай жүрүп жатканына нааразы болушууда.

Тема боюнча: Жаңжалдан жабыркаган баткендиктердин үйлөрү качан курулуп бүтөт?