Депутат Кадырбеков Майлуу-Суудагы кырдаал боюнча комиссия түзүүнү сунуштады

Депутат Нуржигит Кадырбеков парламенттин 18-январдагы жыйынында Майлуу-Суудагы кырдаал боюнча комиссия түзүүнү сунуштады. Ал жакта бир нече күн мурда шаар тургундары сууктагы авариядан улам жылуулуксуз жана ысык суусуз калган.

Ошондой эле эл өкүлү шаарга киргизилген өзгөчө кырдаал учурунда шаар тургундарынан суу жана жылуулук үчүн төлөмдөрдү албоону сунуштады.

«Комисси түзүп, депутаттык болобу, же бул жерде президенттин өкүлү турат, мекемелер аралык комиссия түзөсүздөрбү, канча чыгаша болду, канча зыян келди, кимдер ушуга себепкер болду, алдын алса болот беле, бир тыянак чыгарып коюш керек. Мындан ары болбойт деген кепилдик жок, канча айылдар, калктуу конуштар, шаарлар бар», — деди Кадырбеков.

Ал арада ӨКМ 18-январда Майлуу-Сууда көп кабаттуу үйлөргө жылуулук 80% кайтарылганын билдирип отчёт берди. Андан тышкары. «Кыргызнефтегаз» ишканасынын кызматкерлери атайын жабдуунун жардамы менен тоңуп калган таза суу системасын ээритип, 807 абонентке ысык сууну кайтарып берди. Шаарда жалпы 1 234 абонент бар.

ӨКМдин маалыматына ылайык, жылуулукту жана ысык суу системасын калыбына келтирүүгө жалпы 27 техника, 170 кызматкер тартылган.

Анда ӨКМ 13-январда катуу сууктан улам таза суу жана жылуулук берүү системасы үзгүлтүккө учурап, анын кесепетинен таза суу сактоочу жайдын түтүктөрү тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөп кеткенин билдирген. Шаарда жалпысынан 1800 үй таза суусуз жана жылуулуксуз калган.

Авария Кыргызстан боюнча катуу суук болуп жаткан мезгилде болгон. Жалал-Абад облусунда абанын температурасы түнкүсүн -20°С чейин түшкөн.

16-январда Билим берүү министрлиги киргизилген өзгөчө кырдаал режиминен улам абал турукташканга чейин шаардагы бардык мектептерди онлайн окуутууга өткөргөн.

Ошол эле күнү Майлуу-Суу шаарынын тургундары митингге чыгып, президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылышкан. Алар облустун губернатору мамлекеттик телеканалдарга интервью берип, калктын 70%на жылуулук берилди деп жалган маалымат таратты деп нааразы болушкан.