Киев облусунда бала бакчанын тушуна тик учак кулап, үч бала жана ИИМ башчысы каза тапты

18-январда Киев облусунун Бровары шаарындагы бала бакчанын жанына тик учак кулап, 15 киши каза тапты. Каза тапкандардын арасында Украинанын ИИМ башчысы жана үч бала бар. Бул тууралуу Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик (ӨКМК) кызматы билдирди.

Тик учактын бортунда тогуз киши болгону белгилүү. Алар: ИИМдин ыкчам тобунун алты мүчөсү, анын ичинде ИИМдин башчысы Денис Монастырский жана анын биринчи орун басары Евгений Енин жана ИИМдин мамкатчысы Юрий Лубкович, ошондой эле ӨКМКнын үч кызматкери. Алардын баары тең набыт болгон.

Ошондой эле бала бакчанын үч кызматкери менен үч тарбиялануучусу каза тапкан. 25 адам жабыркаган, алардын 15и чоң килер жана 10у балдар. ӨКМКнын маалыматына ылайык, тик учак турак үйлөр менен бала бакчанын ортосуна кулап, жалындай баштаган. Жеринде бала бакчанын кызматкерлери менен балдар эвакуацияланган.

«Жарылуу катуу болуп, бала бакчанын бөлмөлөрү жана жакын жердеги үйлөрдүн бири жабыркаган», — деп билдирди Бровары шаарынын башчысы Игорь Сапожко.

Тик учак кулаган факты боюнча кылмыш иши козголду. Украинанын ИИМнен тик учак эмне себептен кулаганын айтуу азырынча эрте экенин билдиришти. Бирок Украинанын «Трибуна — Бровары» басылмасы учкуч тумандан улам бийик имаратты көрбөй калып, бийиктик ала баштаган учурда башкарууну жоготуп алган деп жазды.