Кыргызстандыктар эми Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күндөн ашпаган убакыт гана жүрө алышат

Казакстанда VISA RUN’дан баш тартты — өлкөдө мыйзамдуу жүрүүнүн мөөнөтүн жаңылоо үчүн чек арадан өтүп кайра кирүү. Чечимди республиканын премьер-министри Алихан Смаилов кабыл алды.

Документке ылайык, эми Казакстанга визасыз тартип менен келген чет өлкөлүктөр анын аймагынан 30 күндүн ичинде чыгып кетиши керек. Жалпысынан алар жарым жыл ичинде өлкөдө 90 күндөн ашпаган убакыт боло алышат.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн (Кыргызстан, Орусия, Армения жана Беларустун) жарандары да чек арадан өткөндөн тартып 90 күндөн кийин Казакстандан чыгып кетиши керек. Жалпысынан алар өлкө аймагында жарым ичинде 90 суткадан ашпаган убакыт жүрө алышат.

Буга чейин ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн өлкөдө жүрүү мөөнөтү чек арадан өткөн күндөн тартып 90 күндү түзчү. Башкача айтканда, өлкөдө жүрүү мөөнөтү Казакстанга кирген сайын жаңыланып турчу.

Эми, жаңы тартипке ылайык, өлкөдө жүрүү мөөнөтүн жаңыртуу үчүн Казакстандан чыгып кетип, кайра кирүүгө мүмкүн эмес. Демек, (виза талап кылынбаган) башка өлкөлөрдүн жарандары Казакстанда ар жарым жылдык мөөнөттүн ичинде 90 күн гана мыйзамдуу жүрө алышат.

Жаңы чектөөлөр өлкөгө виза аркылуу кирген иммигранттарга жайылтылбайт. Ал эми убактылуу жашап турууга уруксатты каттаткандарга — өлкөдө калуу мөөнөтү аталган документтердин жарактуу мөөнөтү менен гана чектелет.

Жаңы тартип 2023-жылдын 27-январынан тарта иштеп баштайт.

Казакстандын ИИМи эрежелердин мурдагы вариантында өлкөгө визасыз кирген чет өлкөлүктөр менен ЕАЭБ жарандарынын өлкөдө жүрүү маселеси жөнгө салынбаганын белгиледи. Ведомствонун маалыматына ылайык, чет өлкөлүктөр буга чейин өлкөдө жүрүү мөөнөтү аяктагандан кийин Казакстандан чыгып, кайра эле кире алышчу. Ошону менен алардын өлкодө жүрүү мөөнөтү жаңыланып калчу.

Бул мүмкүнчүлүктү Орусияда жарым-жартылай мобилизация жарыянгандан кийин Казакстанга агылган орусиялыктар көп колдончу: үч айда бир Казакстандын аймагынан чыгып, кайра киришчү.