Базар-Коргон: Алдамчылыкка шектелген аким бир айга камалды, шаардык кеңештин депутаты үй камагына чыкты

Базар-Коргон районунун «Алдамчылыкка» шектелген акими Жанысак Сатыбалдиев бир айга камалды. Ушул эле иш боюнча кармалган Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешов үй камагына чыкты. Бул тууралуу «Клоопко» 19-январда облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев 14-февралга чейин абакка киргизилди. Ал эми «Ата-Журт Кыргызстандын» депутаты Эргешов 14-мартка чейин, соттук өндүрүш аяктагыча үй камагында болот.

Буга чейин, УКМК Базар-Коргон районунун акими Жанысак Сатыбалдиевди жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Байгазы Эргешовду алдамчылыкка шектеп кармаган.

УКМК алар Базар-Коргондун мурдагы мэри Ильяс Төлөновдун «кайрадан кызматка келүүсүнө көмөктөшүүнү убадалап, президент Садыр Жапаровго өткөрүп берүү шылтоосу менен 20 миң доллар алганын» кабарланган.

Атайын кызматтан шектүүлөр «берген убадаларын аткарбай, Төлөновдун акчасын кайтарбай, коркута башташкан» деп белгилешкен.

Базар-Коргон шаарынын мурдагы мэри Ильяс Төлөнов калаада бир нече маселе өз убагында чечилбегендиктен кызматынан бошотулганы белгилүү.

2022-жылдын ноябрь айында Төлөновго жер алдамчылыгы боюнча айып тагылган. Анда Базар-Коргон шаарынын мэриясы тарабынан үй салууга мыйзамсыз жер тилкелери берилгени белгилүү болгон.

ТЕМА БОЮНЧА:

Базар-Коргондо экс-мэрди кызматка кайтарууну убадалап, 20 миң доллар алган аткаминерлер кармалды