Мамлекет Шадиевге таандык «Карвен» эс алуу борборунун 33% акциясын менчигине алды

Депутат Дастан Бекешев мамлекет Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Карвен - төрт мезгил» эс алуу борборунун 33% акциясын менчигине алганын айтты. Бул тууралуу эл өкүлү 18-январда Телеграм каналында билдирди.

Бекешевдин айтымында, буга чейин белгисиз себептерден жана «кимдир бирөөнүн бут тосуусунан» улам каттоо жүргүзүлгөн эмес.

«Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгы аталган 33%ды мамлекетке каттады, буга чейин ал [мурдагы вице-премьер министр Аскарбек] Шадиевге таандык болчу», — деди Бекешев.

Депутат акциялар 2020-жылы эле конфискацияланганын, бирок Мамлекеттик мүлк фондунун пайдасына эми гана катталганын белгиледи.

Шадиев — Кыргызстандын тарыхында бир эле учурда парламенттин депутаттык жана өкмөт мүчөсү кызматтарында иштеген алгачкы аткаминер. Ал биринчи вице-премьер-министрлик кызматка 2017-жылдын 7-декабрында дайындалган. 2018-жылы ал парламенттин кызматкерлеринин биринин бюджеттик каражаттарды ыйгарып алууга байланыштуу кылмыш иши боюнча териштирүүлөрдүн айынан отставкага кеткен.

2020-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Шадиевди мыйзамсыз баюуга күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле 60 миң сом айып төлөөгө милдеттендирген.

2018-жылы кылмыш иши козголорго чейин бир күн мурда Шадиев чек арадан мыйзамсыз өтүп, Нью-Йоркко (АКШга) учуп кеткен. Ошол эле кезде Шадиевге «Чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренеси менен экинчи кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын июнунда Шадиевге «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)» беренеси менен дагы бир иш козголгону маалым болгон. Сот аталган беренелер боюнча Шадиевди күнөөлүү деп таап, 2018-жылы сыртынан 10 жылга кескен.