Ош: ВИЧке жана башка ооруларга чалдыккандарга көмөк көрсөткөн борбор өрттөндү, уюм жардамга муктаж

Ош шаарында «Плюс Центр» коомдук фондунун ВИЧке чалдыккандарга, башка оорууларды жугузгандарга көмөк көрсөткөн борбору күйүп кетти. Бул тууралуу «Өнөктөштүк тармак» ассоциациясынын директору Айбар Султангазиев билдирди.

Анын айтымында, уюм кеңсени ижарага алып жүргөн. Мындан улам үйдүн ээсине чыгымды төлөп берүү үчүн каражат керек болууда.

«Уюм 12 жылдан бери калктын аялуу катмарына кирген топтор менен иштешип, ВИЧ, кургак учук менен жабыркагандарга, үй-жайсыз калгандарга жардам көрсөтүп келет. [...] Коомдук фонд мындан ары деле муктаждарга жардам көрсөтүүнү улантат деп ишенем», — деп жазды ал.

Каалоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу жардам көрсөтсө болот:

  • Оптима Банкы: 4169 5853 5412 9107
  • MBank: +996555175040
  • «Кыргызстан» банкы: 4177 4901 7740 5174
  • «Демир Банк»: сом менен — 1180000016596203/ доллар — 1180000022604442
  • МegaPay: 996555175040.

Автору: Аида Турсуналиева