ТИМ: Памирде вирус күч алып, этникалык кыргыздар каза таап жатат деген маалымат тастыкталган жок

Ооганстандын Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, этникалык кыргыздар каза болуп жатат деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Ал памирлик кыргыздардын белгисиз вирустан каза болуп жатканы тууралуу маалыматты Тажикстандын Бадахшан аймагынан келген этникалык кыргыз таратканын айтты.

«Памирде шарттар катаал. Дайыма шамал, муздак. Ал жерден ооруканага жетүү кыйын. Жыл сайын көп учурда балдар оорудан, аялдар төрөттөн каза болгон учурлар катталат. Бирок, алардын [белгисиз вирустан массалык түрдө каза болгону тууралуу] маалымат толук тастыкталган жок», — деди министр.

Кулубаев азыркы тапта бул маселе Кыргызстандын Кабулдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Санжар Алгожоевдин көзөмөлүндө экенин кошумчалады.

Буга чейин «Азаттык» Памирден Кыргызстанга келип отурукташкан Абдулвакил Турдакун уулуна таянып, эки миңге жакын кыргыз жашаган Ооганстандагы Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жыйырмадан ашуун киши каза болгонун жазган. Анын айтымында, каза болгондордун арасында балдар дагы бар.

Киийнчерээк Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги бул маалыматты текшерип жатканын билдирген болчу.

Этникалык кыргыздар

Памирлик кыргыздар. Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жака жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

ТЕМА БОЮНЧА:

«Азаттык»: Памирде сасык тумоо күч алып, кыргыздар жардамга муктаж

ТИМ Памирде вирус күч алып, кыргыздар каза таап жатат деген маалыматты текшерүүдө