ТИМ Памирде вирус күч алып, кыргыздар каза таап жатат деген маалыматты текшерүүдө

Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги Ооганстандын Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, этникалык кыргыздар каза болуп жатат деген маалыматты текшерет. Бул тууралуу 10-январда Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта Чоң Памирдин тоолорунда телефондук байланыштын жоктугу, этникалык кыргыздардын чыныгы абалын тактоо үчүн ал жакка элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөп кеткени белгиленет. «Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, жугуштуу оорулардын оор түрлөрү чыгып жатканы аныкталган жок», — деп билдиришти кыргыз ТИМинен.

Ведомстводон этникалык кыргыздарга байланыштуу маселе өзгөчө көзөмөлдө турганы жана ооган кыргыздарынын Кыргызстандагы өкүлү менен байланышта болуп жатышканы белгиленет.

Буга чейин «Азаттык» Памирден Кыргызстанга келип отурукташкан Абдулвакил Турдакун уулуна таянып, эки миңге жакын кыргыз жашаган Ооганстандагы Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жыйырмадан ашуун киши каза болгонун жазган. Анын айтымында, каза болгондордун арасында балдар дагы бар.

«Ооганстанда бийлик алмашкандан бери Памирдеги эл экономикалык-финансылык жактан кыйналып жаткан. Эми ал аз келгенсип оору жүрүп жатыптыр. Кыргызстанда жүрүп жаткан "чочко тумоосу" сыяктуу оору ошол жакта да болуп жатат. Акыркы 15 күн аралыгында жыйырмадан ашуун киши кайтыш болуп кетиптир. Абал өтө оор», — деген ал.

Памирлик кыргыздар

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи Памир тоолорунда жашашат.

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегендигин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп барган.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жакка жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.