Улуттук энергохолдинг рейд жүргүзүп бизнестин электр энергиясын өчүрүп жатат

Улуттук энергохолдингдин кызматкерлери бизнес чөйрөсүндө уруксат берилген кубаттуулуктун сакталышын текшерүү боюнча рейд жүргүзө башташты. Бул тууралуу 18-январда холдингден билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, рейддер «энергосистемада түзүлгөн жагдайга» байланыштуу жүргүзүлө баштаган.

Объектилерди Улуттук энерголдинг башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиев менен холдингдин башкы директору Алтынбек Рысбеков кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

«Рейддик иш-чаралардын натыйжасында уруксат берилген кубаттулуктан ашыкча колдонгон абоненттер электр энергиясынан өчүрүлүп, ошондой эле аларга ашыкча керектөөгө жол берилбеши керектиги боюнча эскертүүлөр берилди», — деп айтылат холдингдин билдирүүсүндө.

Улуттук энергохолдингден энергетикалык система ченеминен ашыкча иштеп жатканын дагы бир жолу эске салышты. Жылытуу сезонунда андайга жол берилбеши керек, себеби аварияга алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, Токтогул суу сактагычында суу көп чыгымдалып жатканын дагы кошумчалашты.

«Электр энергиясын керектөөнүн андан ары өсүшү Токтогул суу сактагычындагы суунун “өлүк көлөмү” деңгээлине чейин жеткирип коюшу ыктымал. Рейддер учурдагы күз-кыш маалындагы керектөөнүн өсүшүн ооздуктоо максатында республика боюнча жүргүзүлүп турат», — деп кошумчалашты Улуттук энергохолдинген.

Электр энергиясы бизнестин эле эмес, катардагы абоненттердики дагы өчүрүлүшү мүмкүн. Буга чейин энергетиктер мындан ары абоненттер кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр боло турган учурларда алдын ала кабардар кылынарын билдиришкен.

«Буга чейин кайсы аймакта, кайсы убакта керектөө көп болорун айтуу мүмкүн эмес болчу. Акыркы бир нече күндөгү ашыкча жүктөмдөр менен байланышкан өчүрүүлөрдү талдап чыккандан кийин, мүмкүн болгон кыска мөөнөттүү өчүрүүлөр күтүлүп жатканын аныктоого болот», — деп айтылган ишкананын билдирүүсүндө.

Чилдедеги жарык өчүрүүлөр

Январдын башында түшкөн аномалдуу сууктан улам Кыргызстандын жер жерлеринде электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Жарандар жарык бир канча саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда.

Өз кезегинде бийлик аномалдуу суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбегенин, ал эми жарык бир нече саатка өчүп жатканын «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат. Буга чейин энергетиктер тургундарды жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип атканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен.

Башкы беттеги иллюстративдик сүрөт / «Кабар».