Акылбек Жапаров ичүүчү суунун тарифин көтөрүү керектигин билдирди

Ичүүчү суунун тарифтик саясаты өзгөртүүгө муктаж. Бул тууралуу 20-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров облустук мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Жапаров ачык жерлердеги суу тосмолору тоңуп калып жатканын билдирди. Ал бийлик кийинки жылы бул маселени чечүү чаралары көрөрүн, анын ичинде «ичүүчү суулардын тутумдарын жердин астынан алчудай кылып, насостор коюлат» деп ишендирди.

Жапаров быйыл ичүүчү суунун тарифтик саясатын өзгөртүү керектигин белгиледи.

«Майлуу-Суу шаарындагы абалды көрүп турасыздар. Муниципалитет курулмаларды тейлей албай жатат. Анткени тариф абдан төмөн, өзүн-өзү актабай жатат. Ичүүчү сууга болгон тарифтин өздүк наркын аныктоо боюнча методикалык сунуштарды, жоболорду, укуктук документтерди тезинен даярдоо зарыл», — деп билдирди Жапаров.

Жапаровдун айтымында, бишкектиктер суунун бир куб метрине (1000 литр) 5 сом 38 тыйын төлөйт, ал эми анын өздүк наркы 7 сом 70 тыйынды түзөт.

«1 куб суунун муниципалдык тарифи Чүй облусунда 8 сом болсо, Жалал-Абадда 15 сом, бирок айрым райондордо (Өзгөн району) 39 сомго чейин жетет. Жарым литрлик желим бөтөлкөдөгү сууну 15 сомдон сатып алып ичебиз. Ал эми кранда канчалаган куб сууну агызып колдонуп жатканыбыз үчүн эч ким реалдуу бааны төлөгөн жок», — деди аткаминер.