Өкмөт супер комьютерди сатып алууга бюджеттен 15 млн сом жумшаган

Министрлер кабинети дүйнөгө белгилүү NVIDIA компаниясынан супер компьютерди сатып алуу үчүн мамлекеттик бюджеттен 15 млн сом жумшаган. Бул тууралуу «Ала-Тоо 24» телеканалынын эфиринде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев билдирди.

Программалык камсыздоо жана графикалык процессорлорду иштеп чыгуучу супер компьютер сатып алынганы 18-январда белгилүү болгон.

Минкабдын маалыматына ылайык, супер компьютер мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын алкагында сатып алынган. Супер компьютерди Улуттук тил комиссиясы жана «кыргыз тилиндеги маалыматты иштеп чыгуучу жасалма интеллектти киргизүү» долбоору боюнча «Улут Софт» компаниясы пайдаланат деп пландалууда.

Супер компьютердин бет ачарында минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «кыргыз тилин сактап калуу жана жайылтууда» бул долбоордун «стратегиялык мааниси чоң» экенин айткан. Ал супер компьютерди сатып алуу чечимин президент Садыр Жапаров кабыл алганын кошумчалаган.

«Биз ар кандай технологиялык жардамчылардын да кыргызча сүйлөшүн камсыз кылышыбыз керек. Бул баарыбыз үчүн, өзгөчө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн маанилүү. Супер компьютер ата мекендик илим менен экономиканын кызыкчылыгы үчүн суткасына 24 саат иштеши керек. Жабдууну мамлекеттик мекемелер, билим берүү мекемелери жана кызыктар тараптар колдонсо болот», — деген Байсалов.

Минкабдан NVIDIA супер компьютердин техникалык мүнөздөмөлөрү/мүмкүнчүлүктөрү тууралуу толук маалымат беришкен эмес, ошондой эле баасы да айтылган эмес. Болгону Байсалов супер компьютердин кубаттуулугу 1 петафлопс экенин айтып мактанган.

Демек, Байсаловдун айткандарын текшерип көрүп, минкаб NVIDIA DGX-1 супер компьютерин сатып алган деген тыянак чыгарсак болот. Компаниянын өзүндө алардын продукциясы «терең окутуу максаттары үчүн ылайыкталган эң эле тез комплекстүү система» экени айтылат.

Система, компаниянын айтымында, нейрондук тартмактарды машыктыруунун натыйжалуулугун мүмкүн болушунча арттыруу үчүн жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн жасалган. Мындан тышкары, NVIDIA алардын продукциясы «рыноктогу ушул сыяктуу башка системаларга караганда жогорку өндүрүмдүүлүктү камсыз кылат» деп белгилейт.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, NVIDIA DGX-1 суперкомпьютеринин орто баасы — 149 миң доллар.

1 петафлопс көппү же азбы?

Түшүнүктүү болушу үчүн: 1 петафлопс 1024 терафлопско барабар — бул суперкомпьютер бир секундда 1 квадриллион операцияны аткара алат дегенди билдирет. Салыштыруу үчүн Microsoft компаниясынын акыркы муундагы компьютердик оюндарга ылайыкталган Xbox series X компьютерин мисал кылсак болот. Компаниянын билдирүүсүнө ылайык, аталган консоль 12 терафлопс кубаттулукту берет.