«Келишпестик жок». Ташиев УКМКнын тергөөчүсүн күч түзүмдөрү биргелешип кармаганын айтты

Камчыбек Ташиев. Сүрөт: Министрлер кабинети

21-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев күч түзүмдөрүндө эч кандай макулдашылбаган иш-аракеттер жасалбаганын айтты. Ал бул тууралуу атайын кызматтын Оштогу тергөөчүсүнүн кармалганы боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Ташиевдин айтымында, УКМК пара алып жаткан кызматкерин кармоо боюнча атайын операция Башкы прокуратура, ИИМ жана атайын кызмат менен биргеликте, пландалып жасалган.

«Мага УКМКнын тергөөчүсү пара талап кылып жатканы боюнча арыз түшкөн. Тиешелүү чараларды көрүү үчүн иш Башкы прокуратурага жөнөтүлгөн. Күч түзүмдөрүнүн ортосунда “тирешүүлөр башталганы” тууралуу билдирүүлөрдүн бардыгы чындыкка дал келбейт. Бардык чечимдер мамлекет башчысынын жетекчилиги астында кабыл алынат», — деди ал.

Ошондой эле атайын кызматтын төрагасы бул иш тууралуу айрым аткаминерлер жана ЖМК өкүлдөрү «туура эмес маалымат таратканын» айтып, «алар жоопко тартылышы керек» деп эсептейт.

«Министрлердин деңгээлиндеги белгилүү чиновниктер бизде [күч түзүмдөрүндө] пикир келишпестиктер бар деп айтып чыгышканы тууралуу маалымат бар. Эсиңиздерде болсун, келишпестик жок жана эч качан болбойт. Операциялардын баары президенттин катуу көзөмөлүндө жүргүзүлүүдө. Бардык мамлекеттик кызматкерлер президенттин жана мамлекеттик органдардын чечимдерин билиши жана колдошу керек. Маалымат берүү учурунда бардык мамлекеттик органдар жана кызматкерлер көзөмөлгө алынат, сак болгула», — деп эскертти Ташиев.

Ошондой эле ал журналисттерди «жалган маалымат берүү менен коомчулуктун тынчын албоого» жана маалымат берүүдө дайыма расмий билдирүүнү күтүүгө чакырды.

УКМКнын тергөөчүсүнүн кармалышы

20-январда Башкы прокуратура УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында атайын кызматтын тергөөчүсүн 15 миң доллар пара алып жатканда кармаган.

Бул факты боюнча «Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгону кабарланган.

Ошол эле күнү айрым басылмалар жеке булактарына таянып, ИИМдин 20 чакты аскери УКМКнын Оштогу бөлүмүнө «бастырып киргенин жана ИИМ менен УКМК кызматкерлеринин ортосунда чыр чыкканын» жазышкан.

Окуя болгон жерде жүргөн «Клооптун» журналисти Бакай Алмаз ИИМдин өкүлүнө таянып, эки мекеменин кызматкерлеринин ортосунда тартышуу болбогонун айткан.

ТЕМА БОЮНЧА:

Башкы прокуратура: УКМКнын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алууга шектелип кармалды