Өлкө боюнча гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат

Азыркы тапта өлкөнүн бардык аймагында гепатиттин В түрүнө каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы 21-январда билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 600 миң доза вакцина бар — анын 450 миңи гуманитардык жардам катары келсе, 150 миңи мамлекеттин эсебинен сатып алынган.

Эмдөө 16-январдан тарта башталды. Өлкөдөгү 23 жаштан 65 жашка чейинки бардык адам өз каалоосу менен үй-бүлөлүк медицина борборлорунда вакцина алса болот. Эмдөө үч жолу, бир жана алты ай аралыгында жүргүзүлөт.

Министрликтин маалыматына ылайык, 17-январга чейин Бишкекте 1636, Чүй облусунда 1642, Ош шаарында 1330 киши гепатиттин В түрүнө каршы эмделди.

Эмдөөнүн алгачкы этабы 2022-жылдын аягында Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда жүргүзүлгөн болчу.

Жыл сайын дүйнөдө гепатиттин В жана С түрүнөн дээрлик бир жарым миллион адам каза болот. Кыргызстан өнөкөт, жугуштуу гепатит менен ооруган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, жылына Кыргызстанда сегиз миңден 22 миңге чейин жугуштуу гепатит оорусу катталат. 2020-жылы 4805 адам жугуштуу гепатитке чалдыкса, 2019-жылы илдет 6,6 миң кишиден аныкталган.

Гепатит — боорду жабыркаткан жугуштуу дарт. Өз ичинен ал А, В, С, D жана Е болуп беш түргө бөлүнөт. Гепатиттин А жана Е түрү оорунун жеңил формасы болуп саналат. Башкача айтканда, илдеттин бул түрү өнөкөткө айланып кетпейт.

Ал эми гепатиттин В, С, D түрлөрү кан аркылуу жугары аныкталган. Ал адамда билинбей пайда болуп, көп убакыт дарылоону талап кылат. Ошондой эле анын өнөкөткө айланып кетүү коркунучу бар.

Автору: Каным Кыдырова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкек: Гепатитке чалдыккандар нааразычылык акциясына чыгышты