Ала-Арча капчыгайындагы эски альплагерь алынып жатат. Ордуна мейманкана комплекси курулат

«Ала-Арча» улуттук паркындагы эски эки кабаттуу альплагер сүрдүрүлүп, ордуна заманбап мейманкана комплексин салуу үчүн котлован казылып жатат. Бул тууралуу «Клоопко» «Ала-Арча» улуттук паркынын администрациясынан билдиришти.

Паркта оор техниканы колдонуу менен курулуш жүрүп жатканын 23-январда Kaktus.media окурмандарына таянып жазган. Курулуш жүрүп жаткан жерде учурда видео жана сүрөткө тартууга да тыюу салынганы белгиленген.

«Ала-Арчанын» администрациясынан эски курулмалар коопсуздук талаптарына жооп бербей калгандыктан сүрдүрүлүп жатканын дагы кошумчалашты.

«Ал жерде эски, 1950-жылдары курулган жараксыз мейманкана турчу. Баары чирип кеткен. Биз аны жаңылап, ордуна заманбап мейманкана комплексин куралы деп жатабыз. Эскирип, жыгачтан жасалган коттеждер да бар, аларды дагы реконструкция кылалы деп жатабыз. Баарын жаңыртабыз», — дешти ал жактан.

Парктан имаратты бузуп, алып салууга тийиштүү органдар уруксат бергенин айтышты. Мейманкана комплексинин курулушу улуттук парктын бюджетинен каржыланат.