Орусиянын «Арсенал» клубунун дарбазачысы эми Кыргызстандын улуттук курамасында ойнойт

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасына орусиялык оюнчу Антон Коченков кошулат. Бул тууралуу кураманын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин 20-январда «Матч ТВ» телеканалына курган маегинде билдирди.

«Тажрыйбалуу дарбазачы Антон Коченковдун Кыргызстандын улуттук курамасына өтөрүн ачык айта берсек болот. Анын жарандыгы боюнча маселе дагы чечилди. Жакында ойной баштайбыз»,— деди Крестинин.

Маалыматты Кыргыз футбол союзунан тастыкташты. Мекеменин басма сөз катчысы Жыпара Исраилованын айтымында, бул боюнча расмий билдирүү февраль айынын аягына чейин берилет.

35 жаштагы Антон Коченков Бишкек шаарында туулган. Ал спорттук карьерасын Бишкек мэриясына караштуу «Алга» клубунан баштаган.

2004-жылы Орусияга көчүп баргандан кийин «Локомотив», «Пари НН», «Волга», «Ростов», «Спартак», «Мордовия», «Краснодар» жана «Томь» клубдарында ойногон.