Ош: Алайда муздун алдынан 6 жаштагы кыздын сөөгү табылды

Сүрөт: ӨКМ

Ош облусунун Алай районунда 6 жаштагы кыздын денеси тоңгон муздун алдынан табылды. Бул тууралуу 22-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, секелек Алай районундагы Чоң-Бүлөлү суусунун жээгинде чана тээп жүрүп, муз жарылганда сууга түшүп кеткен.

Министрликтен жерине райондук куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан жалпы 30 адам тартылганын белгилешти. Кыздын сөөгү муздун алдынан чыгарылгандан кийин туугандарына өткөрүлүп берилди.

Буга чейин, 2021-жылы Талас облусунун Арал айылында 14-февраль күнү эне-бала сууга чөгүп каза болгон.

Маалыматка ылайык, 4 жаштагы бала көлмөнүн үстүндө муз тээп жүргөн. Ал капыстан жарылып, бала сууга чөгүп кеткен. Апасы уулун куткарам деп сууга түшүп, натыйжада экөө тең чөгүп каза болгон.

Уулунун сөөгүн атасы таап чыккан. Ал эми аялдын сөөгүн ӨКМден тартылган төрт куткаруучу суудан чыгарган.

Автору: Аида Турсуналиева

ТЕМА БОЮНЧА:

«Баласын куткарам деп». Таласта эне-бала сууга чөгүп каза болду