Ош: Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлүнөт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Ош облусундагы Араван-Ак-Буура каналын реконструкциялоого 17 млн 870 миң евро бөлөт. Бул тууралуу 23-январда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында маалым болду.

Айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов белгилегендей, аталган долбоордун максаты — Ош облусунун Кара-Суу жана Араван райондорундагы Араван — Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоо боюнча курулуш иштерин аткаруу.

«Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтты суу менен камсыздоо жакшырат. Ишти аткаруу үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан жалпы суммасы 17 млн 870 миң евро бөлүнүп берилет, анын ичинде 14 130 000 евро кредиттик, 3 740 000 евро гранттык макулдашуу боюнча», — деди ал.

Раматов кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен берилерин кошумчалады.

Талкуу маалында комитет мүчөлөрү ирригациялык тармакты өнүктүрүүнүн, суу менен камсыздоо маселелердин маанилүүлүгүнө көңүл буруп, бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгилешти. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору жактырылды.