Прокуратура: Бюджеттен 6 млн сом уурдаган муниципалдык ишкананын эсепчиси кармалды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мурдагы башкы бухгалтери кармалды. Ал кызматкерлердин маянасына деп 6 млн сомду өз эсебине которууга айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура 23-январда билдирди.

Мекемеден агенттиктин мурдагы бухгалтери документтерди жасалмалап, кызматкерлердин эмгек акысына деп бюджеттик акчаны системалуу түрдө өздүк эсептерине которуп алганы айтылды.

«Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, агенттиктин бюджетинен 6 млн сомдон ашык каражат чыгарылып, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», — деп билдиришти прокуратурадан.

Прокуратура «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Башкы прокуратурадан Агенттиктин мурдагы башкы бухгалтери, учурда «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишкананы башкы бухгалтери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени кабарланды.

Бирок «Бишкек жашыл чарба» ишканасынын басма сөз катчысы «Клооптун» журналистине аталган киши буга чейин эле өз каалоосу менен арыз жазып, кызматынан кеткенин айтты.

Прокуратуранын маалыматына ылайык, учурда кылмышты жасоого тиешеси бар бардык кызмат адамдар аныкталып жатат.

Ушуга окшош окуя 2022-жылы декабрдын башында Чүйдө катталган. Анда мамлекеттик кызматкерлер дал ушундай жол менен документтерди жасалмалап бюджеттен 30 млн сом чыгарып кетишкендиги аныкталган.