«Унаа экиге бөлүнүп кеткен». Бишкекте жол кырсыгында эки адам каза таап, экөө ооруканада

22-январда Бишкекте жүрөк үшүн алган жол кырсыгы катталды. Анын кесепетинен эки киши жеринде жан берип, дагы экөө ооруканага жеткирилди, бирөөнүн абалы оор. Бул тууралуу милициянын жол кайгуул кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, кырсык борбор калаанын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Kia Sorento унаасынын айдоочусу рулду башкара албай, жолдун жээгиндеги жарнамалык мамылардын бирин сүзгөн.

Алдын ала маалыматка караганда, кырсыкка айдоочу унааны жогорку ылдамдыкта айдаганы себеп болгон.

Ушул сыяктуу жол кырсыгы үстүбүздөгү жылдын 19-январында Ош — Баткен — Раззаков жолунун 161-чакырымында катталган. Анда унааны ылдамдык чегинен ашыра айдаган айдоочу жана жүргүнчү жеринде көз жумган.