«Акбарак» коомдук фонду Бишкекте китеп форумун өткөрөт

Сүрөт: «Акбарак» коомдук фонду

«Акбарак» коомдук фонду 29-январда басма үйлөр, китеп дүкөндөр, авторлор жана жазуучулардын башын бириктирген китеп форумун өткөрөт. Бул тууралуу «Клоопко» фонддун түзүүчүлөрү билдирди.

Маалыматка ылайык, форумда учур адабиятындагы тенденцияларга, жаңылыктарга, маркетинг багытындагы тренддерге, окурмандардын сунуштарына арналган панелдик талкуулар өтөт.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, «Акбарак» коомдук фондунун түзүүчүсү Жибек Кенжебаева иш-чаранын максаты Кыргызстандагы адабий чөйрөнү, китеп индустриясында иштеген тараптарды жана окурмандарды бир платформага чогултуу экенин белгиледи.

«Биздин максат басма үйлөр, авторлор, жазуучулар, котормочулар, китеп дүкөндөр жана окурмандардын арасындагы байланышты чыңдоо, бул тармактагы жаңылыктарды, тенденцияларды, өзгөрүүлөрдү талдоо менен китеп окуу маданиятын калыптандырып, жайылтууга салым кошуу», — деп билдирди Кенжебаева.

Китеп жарманкеси жана сынактар менен коштолгон «Китеп форум» үстүбүздөгү жылы 29-январь саат 10:00дө Бишкек шаарындагы Novotel мейманканасында өтөт.

Иш-чарага катышкыңыз келсе төмөнкү шилтеме аркылуу каттоодон өтсөңүз болот: https://bit.ly/3JfRAC5