Аял УКМКда иштеген күйөөсү сабаганын билдирди. Милиция иш козгоодон баш тарткан

УКМКнын кызматкери Улукбек Бараканов мас болуп келип аялын сабоого шектелип жатат, ал эми милиция чара көрбөй жатат. Бул тууралуу жабыркаган аял Инстаграм барагында билдирди.

Айзада күйөөсү 2022-жылдын 21-ноябрына караган түнү сабаганын айтып берди. Ал милиция чакырып, арыз жазган. Тез жардам да чакырткан, медиктердин кароосунан кийин ооруканага жөнөтүлүп, ал жерден мурду сынып, мээси чайкалганы, денесинде көптөгөн көгала тактар аныкталган.

«Эки жума ооруканада жатканымда күйөөм үйдө болду, коргоо ордери берилгенине карабастан кеткиси келбей туруп алды. Апамды дагы коркутуптур, тосмо арыз жазбаса баарын, балдарды дагы тартып алам деп. “Азыр УКМК — падыша, кудай, эч ким эч нерсе кыла албайт” дептир», — дейт жабыркаган келин.

Жабыркаган аялдын айтымында, күйөөсү да милицияга арыз жазып, арызында аны мас абалында аялы сабап, бутундагы бармагын жабыркаткан деп күнөөлөгөн. Айзаданын айтымында, күйөөсү аны мурда дагы «үйдөн кууп чыгам» деп коркуткан, ошондой эле анын биринчи никесинен калган уулун да коркуткан.

Анын айтымында, күйөөсү видеобайкоо жана тыңшоо аркылуу аны аңдып жүрөт, ошондуктан баласын күйөөсү алып кетип калат деп бала бакчага алып бара албай жүрөт. Айзада күйөөсү аны керек болсо аны алдамчы катары да көрсөткөнүн айтат.

«Турмуш-тиричиликке акчам жок калганда унаамды саткам, анда дагы азыркы күйөөм сатып алуучуларды коркутуп-үркүтүп, милиция менен барып тинтүү кылып, мени алдамчы деп көрсөтүп жасалма кылмыш ишин ачып, сатып алгандардан унааны алып алган! Машина боюнча бир да киши чакырып, суракка алган жок!» — дейт аял.

Айзада никени бузуу боюнча сот процесстери созулуп, иш улам-улам кайра каралып же жылдырылып атып ажыраша албай жатканын да кошумчалады. Анын айтымында, күйөөсү улуу кызын өзүнө алып калгысы келип жатат.

Ал ур-токмоктоо иши эки айдан бери созулуп жатканын, ал эми милиция ишти жаап, баарын үй-бүлөлүк талаш-тартыш катары көрсөтүп, айып гана салып коюуга аракет кылып жатканын айтат.

«Ишти бардык инстанцияларда создуктурулуп жатат! Өзүң деле боюң менен кабелтең жерден кулап, жабыркай алат элең деп, иш козгоодон баш тартышты! Мен өзүм эле кулап кетип кантип бардык жерим жабыркап, мурдумду сындырып алмак элем, элестете албай жатам. Кызмат абалынан пайдаланып жатышканы көрүнүп эле турат, милицияга, прокуратурага басым кылып жатышат. Азыр болсо сотторго да басым кылынып жаткан болушу мүмкүн! Баарыңыздардан кабарды ачыкка чыгарууда көмөктөшүүнү суранам, коргоосуз калдым», — деп кайрылды келин.

Жабырлануучу УКМКдан анын даттануусуна «“бул күйөөң экөөңдүн жарандык-укуктук мамилең” деп адаттагы шылтоосун» айтышканын билдирди.

«Үйдөн чыга албай жатканыма эки ай болду! Балдарымдан ажырап, майып болуп калуудан же өлтүрүп кетеби деп корком! УКМК — эмне падыша же кудайларбы?! Качанкыга чейин аялдар менен балдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук улана берет? Эмне үчүн биз, аялдар корголбой кала беребиз?!» — деп нааразы болду Айзада.

УКМК эмне дейт?

УКМКнын басма сөз кызматы бул иш боюнча пресс-релиз таратты. Анда Ленин РИИБи кылмыштын курамы жоктугунан кылмыш ишин козгоодон баш тартканы, ал эми Башкы прокуратура бул чечимди мыйзамдуу деп тапканы айтылат. Комитеттен Айзаданын күйөөсү кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, милиционерлерге басым кылып жатат деп айткандарын чындыкка коошпойт деп ишендиришти.

УКМКдан бул жагдай жарандык-укуктук мүнөзгө ээ экенин жана аны сот тартибинде кароо керектигин белгилешти.

«Ошол эле учурда, УКМК бул процесстин катышуучусу эмес жана бул жеке үй-бүлөлүк талашка УКМКны кошуу аракети, кызыктар тараптын пайдасы үчүн, үй-бүлөлүк жаңжалга коомчулуктун көңүлүн буруп, резонанс жаратууга багытталганын айтмакчыбыз», — деп жазышты комитеттен.

Атайын кызматтан арыз ээсине «мекемени үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга аралаштырууга жол берилбеши керектигин» эскертишти.

Аялдарга жана кыздарга карата зомбулук

2021-жылдын октябрында жарыяланган WPS (Дүйнөдөгү аялдардын бакубаттыгы жана коопсуздугу боюнча глобалдык индекс) рейтингине ылайык, Кыргызстан — Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен аялдар үчүн эң кооптуу өлкө деп саналат. Аталган индексте Кыргызстан аялдардын абалы бааланган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунду ээлеген.

Кыргызстанда эркектер аялдарды уурдашат, зордукташат, өлтүрүшөт жана көп учурда жазасыз калышат. Аялдардын басымдуу бөлүгү — орточо он учурдун сегизинде — эркектердин колунан ажал табат. Кыргызстанда аялдарды көбүнесе күйөөлөрү жана жыныстык өнөктөштөрү өлтүрөт, ал эми фемицид* үй-бүлөлүк зомбулуктун түз кесепети болуп саналат.

*Фемицид— адатта эркектердин кыз-келиндерди жек көргөндүктөн, гендердик басмырлоонун натыйжасында жана/же мамлекет гендердик зордук-зомбулукка билип туруп көз жумуп койгондугу үчүн өлтүрүлүшү.

Эгерде сиз же сиздин жакыныңыз зордук-зомбулукка кабылган болсо, өлкөнүн төмөнкү даректердеги кризистик борборлоруна кайрылыңыз:

  • «Шанс» кризистик борбору — Бишкек, Чуй проспекти, 207, 509 батир, телефон: 0709710320;
  • «Сезим» кризистик борбору — Бишкек, Табышалиев көчөсү, 3, телефон: 0312512640;
  • ОО «Энсан — Диамонд» — Ош, Ленин көчөсү, 205/105, телефон: 0772328960, 0322222965;
  • «Акылкарачач» кризистик борбору — Ош облусу, Гүлчө айылы, Набережная көчөсү, 1, телефондор: 0555281423, 0776281423;
  • «Аруулан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0776380777, 0322255608;
  • «Ак журок» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 205, телефондор: 0550231329, 0322245976;
  • ОО «Мээрбан» кризистик борбору — Ош, Ленин көчөсү, 312/23, телефон: 0773843461;
  • НПО «Тендеш» кризистик борбору — Нарын, Кыргыз көчөсү, 31/3, телефондор: 0700257890, 0352250270, 03522295047;
  • «Аялзат» коомдук фондунун алдындагы «Маана» кризистик борбору — Талас, Тагайбаев көчөсү, 274/2, телефондор: 0557484713, 0342255885;
  • «Жаныл Мырза» кризистик борбору — Баткен, Сыдыков көчөсү, 3, телефон: 0777393077;
  • «Каниет» кризистик борбору — Джалал-Абад, Б.Осмонов көчөсү, 113, телефон: 0372255084;
  • ОО «Аялзат — развитие женских инициатив» — Каракол, Абдрахманов көчөсү, 105-14, телефондор: 0392251091, 0553835717;
  • «Алтынай» кризистик борбору, Чолпон-Ата — 0709694550;
  • «Мээрман» кризистик борбору, Каракол — 0706383637;
  • Аялдарга жардам берүү жана реабилитациялоо борбору «Химая», Каракол — 0702223535, 0551733390.

Тема боюнча:

«Аны баары бир өлтүрмөкмүн». Кыргызстандагы фемицид тууралуу «Клооптун» изилдөөсү

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Бир жолу мени ала качып кетишти…» Назиктин окуясы