Медиа уюмдар бийликтен «Азаттыктын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылды

Кыргызстандын медиакоомчулугу Маданият министрлигинен «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу доо арызын чакыртып алууну талап кылды. Билдирүүгө «Медиа Полиси Институту», Журналисттердин көз карандасыз союзу, «Журналисттер» коомдук бирикмеси, Иликтөөчү журналисттердин фонду сыяктуу бир катар уюмдар, ошондой эле көз карандысыз маалымат каражаттарынын жетекчилери менен журналисттери кол коюшкан.

Билдирүүдө Маданият министрлигинин «Азаттыктын» сайтын «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамына таянып бөгөттөө чечимин кабыл алганы башында эле мыйзамсыз болгонун, себеп дегенде мыйзамда сайт өздөрүнө карата такталбаган, ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар таратылган деп эсептеген жарандардын же юридикалык жактардын арызы менен гана бөгөттөлөт деп айтылат.

«Азаттыктын» мисалында министрликтин дарегине андай арыз түшкөн эмес.

«Министрлик программаны өчүргүлө деп өзү эле талап коюп койду [...] Ошондуктан Маданият министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесинин сайтын бөгөттөө боюнча ыйгарым укугу мыйзамсыз жана негизсиз колдонулган деп эсептейбиз. Азыркы учурда Маданият министрлиги жол берген аракеттери үчүн “Азаттык Медиа” мекемесинин доо арызы боюнча административдик жоопкер болуп өтүп жатат, ал боюнча мекеме соттон маморгандын чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп таанууну суранып жатат. Бирок Маданият министрлиги административдик доо арыздын каралышын жана ал боюнча чечимдин чыгышын күтпөй эле “Азаттык Медиа” мекемесинин ЖМК катары ишин токтотуу жөнүндө доо арыз менен сотко кайрылып жатат», — деп айтылат билдирүүдө.

Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу сотко жазган арызында «Азаттык» 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал тууралуу видеоматериалды өчүрө электигин жана ал соцтүйүндөрдө таркап жатканын көрсөткөн.

«Азаттык Медианын» аракети, министрликтин пикиринде, «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» мыйзамдын 23-беренесинин «согушту, зомбулукту жана ырайымсыздыкты, улуттук, диний обочолонууну жана башка элдерди жана улуттарды жек көрүүнү насаттоого тыюу салынат» деген талаптарына каршы келет.

Медиакоомчулуктун билдирүүсүндө бул «өтө олуттуу айып» экени, себеп дегенде пропаганда деп куралдуу жаңжалды козутуу үчүн идеяларды жана көз караштарды атайылап, системалуу түрдө таратуу учурлары эсептелери, ал эми башка эл жана улуттарга карата жек көрүүчүлүк зордук-зомбулукка чакыруу, кемсинтүү же кайсыл бир улуттун, элдин башкачалыгы тууралуу маалыматтарды таратуу менен шартталары белгиленет.

«Бирок “Азаттык Медианын” редакциясы андай маалыматты тараткан эмес, болгону эким мамлекеттин расмий мамлекеттик органдарынын гана маалыматтары айтылган да. Доо арызда программанын алып баруучусу эки тараптын тең комментарийин алган деп көрсөтүлүп турат. Бул учурда, редакциянын иш-аракети журналисттердин ишинин профессионалдык стандарттарына дал келген, мында маалыматты чогултуу эки тараптын тең аргументтерин келтирүү менен ишке ашырылат. Ошол эле учурда тажик тараптын журналисти толугу менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин пресс-борбору даярдаган пресс-релизди окуган. Ал эми Кыргыз Республикасынын расмий мамлекеттик органдарынын маалыматын ушул эле программада “Азаттык Медианын” кыргыз редакциясынын журналисти келтирген. “ЖМК” жөнүндө мыйзамдын 26-беренесине ылайык, ЖМК эгер маалыматтар маалымат агенттиктеринен же мамлекеттик жана коомдук органдардын басма сөз кызматтарынан алынса, чындыкка ылайык келбеген маалыматтарды массалык маалымат каражаттарында таркаткандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт», — деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт: Гулжан Турдубаева / RFE/RL.

Медиакоомчулуктан «улуттук коопсуздук коркунуч туулуп жатканда» көз карандысыз ЖМК мамлекеттик органдарга анык эмес маалыматтарга өз убагында, ыкчам реакция кылууга жардам бергенинин эске салышты. Дал ушул ЖМК чек арадагы жаңжал учурундагы абал тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарды иликтеп, эл аралык коомчулук үчүн ишенимдүү маалымат булагы болуп беришкен.

Медиа уюмдардын билдирүүсүндө сот аркылуу ЖМК ишин токтотуу эгер ал коом үчүн кооптуу кесепеттерге алып келе турган мыйзам бузуучулукка системалуу түрдө жана карасанатайлык менен барып жаткан болсо гана негиздүү деп табылары айтылат. Мындан улам журналисттер «Маданият министрлигинин доо арызы негизсиз, анда “Азаттык Медиа” мыйзамды системалуу түрдө бузганын далилдеген реалдуу фактылар келтирилген эмес» деп белгилешти.

«“Азаттык Медиасын” жабуу сөз эркиндигинин жана ЖМК плюрализминин чектелишин гана эмес, жарандардын маалымат алуу укугунун да чектейт. Биз Маданият министрлигинен “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу жөнүндөгү доо арызын чакыртып алууну жана жалпы эле көз карандысыз медиалдарга басымды токтотууну талап кылабыз», — деп билдиришти медиа уюмдар.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Сот ишти 9-февралда карайт.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай акыркы жагдайга байланыштуу комментарий берип, алар «өлкөдөгү ишин улантуу үчүн мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорду колдонушарын» билдирген.

«Азаттык» сайтынын бөгөттөлүшү

2022-жылдын октябрь айында «Азаттык» үналгысынын сайты эки айга бөгөттөлгөн. Буга аталган медиада 14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжал тууралуу «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес материал жарыяланганы» себеп болгону айтылган. Кийин «Азаттыктын» сайты бөгөттөөгө себеп болгон материал өчүрүлмөйүн бөгөттөлүү бойдон кала берери белгилүү болгон.

Министрликтен «Азаттыктын» сайтын бөгөттөөгө «Учурдагы убакыт» («Азаттык» үналгысына караштуу түзүм) телеканалынын «Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы катуу кармаш» аттуу видеоматериалы себеп болгонун билдиришкен.

Маданият министрлиги сюжетте «кастык тилинин элементтери, Кыргызстан тараптын Тажикстанга кол салуусу деген тариздеги такталбаган маалымат, Баткен облусундагы окуяларды чагылдырууда коомдогу кырдаалды курчутуп, жарандардын ортосунда кастыкты, дискриминацияны жана бөлүнүүнү пайда кылган маалыматтар колдонулган» деп эсептейт.

Андан кийин DemirBank коммерциялык банкы УКМКнын талабы менен сот чечимисиз эле «Азаттык Медианын» аталган банктагы эсебин бөгөттөгөн. Банктан эсеп акчаны адалдаштыруу жөнүндө мыйзамынын негизинде бөгөттөлгөнүн билдиришкен.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

ЖМКнын өзүн президент Садыр Жапаров бир канча жолу сындаган — өлкө башчысы басылма анын сөздөрүн бурмалайт деп эсептейт. Жапаров «Азаттыктын» Баткендеги куралдуу кагылышты чагылдырганына да реакция кылган. Президент «Азаттык» бул окуяны Кыргызстан Тажикстанга биринчи кол салды деп жазып, туура эмес чагылдырган деп нааразы болгон.

Бир катар эл аралык уюмдар, анын ичинде Human Rights Watch кыргыз бийлигине кайрылып, «Азаттыктан» чектөөнү алууну талап кылышкан.

Мэдиаэксперттердин пикиринде, «Азаттыктын» сайтын бөгөттөө — бийликтин көзкарандысыз ЖМКга басымы. Алар бийликтин бул сыяктуу басымы басым улана берет деп эсептешет.