Бийлик Чоң-Алай районуна памирлик кыргыздар үчүн 400 үй курууну пландап жатат

Бийлик Ооганстандын Памир өрөөнүндө жашаган этникалык кыргыздар үчүн Ош облусунун Чоң-Алай районуна 400 үй курууну пландап жатат. Бул тууралуу 25-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын май айында башталат. Үй жылуулук, электр энергиясы жана ыңгайлуу жашоого зарыл нерселер менен камсыздалат.

«Өлкө жетекчилиги Ооганстандын Кичи жана Улуу Памир аймактарында жашаган бардык этникалык кыргыздарды толугу менен көчүрүү үчүн зарыл чараларды көрүп жатат — бул максаттар үчүн мамлекетте жетиштүү күч жана каражаттар бар», — деп белгилешти президенттин басма сөз кызматынан.

Буга чейин «Азаттык» Памирден Кыргызстанга келип отурукташкан Абдулвакил Турдакун уулуна таянып, Ооганстандагы Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жыйырмадан ашык киши каза болгонун жазган.

Бирок, киийнчерээк Тышкы иштер министрлиги оорудан улам этникалык кыргыздар каза болуп жатат деген маалымат тастыкталбаганын билдирген.

Этникалык кыргыздар

Памирлик кыргыздар. Сүрөт: Элвира Султанмурат кызы

Бийлик 2017-жылдын аягында Ооганстандан Нарын облусуна 33 памирлик кыргызды алып келген. Аларга билим берүү, дарылануу убада кылынып, алтургай бир үй-бүлөгө турак-жай берилген.

Арадан жарым жыл өткөн соң жыйырмадай этникалык кыргыз Ооганстанга каникулга кетип, кайра Кыргызстанга кайтып келишкен эмес. Алар кайтып келбегенин Кыргызстандагы начар жашоо шарты жана жаңы элге сиңишип кете албагандыктары менен түшүндүрүшкөн.

Ал эми кийинчерээк Нарынга дагы бир-нече үй-бүлө өз алдынча көчүп келген.

Кийинчерек 2019-жылдын декабрь айында Алай районунун Сары-Могол айылына Ооганстандан он бир үй-бүлө көчүп келген. Алар эски мектептин имаратына жайгаштырылган.

2020-жылдын октябрында Нарында жана Кара-Балтада жашаган памирлик кыргыздар Алай районунун Талды-Суу айылына көчүп келишкен. Ал жака жалпы 11 үй курулуп, алардын сегизи Нарындан келген 34 кишиге арналган.

Учурдагы памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарттары жок Чоң жана Кичи памир тоолорунда жашашат.

Автору: Асел Эсен кызы

Тема боюнча:

ТИМ: Памирде вирус күч алып, этникалык кыргыздар каза таап жатат деген маалымат тастыкталган жок