ИИМ Жеңиш Разаков эки берене менен кармалып, бир айга камалганын билдирди

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалганын 26-январда тастыктады. Ал «Алдамчылык» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталууда.

Министрликтин маалыматына караганда, өткөн жылдын 20-сентябрында «Б.А» аттуу жаран Разаковдун үстүнөн арыз жазган. Ал өз арызында «2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында Жеңиш Разаков кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик жүргүзөбүз деп 1млн АКШ долларын алып бербей койгонун» билдирген.

Буга байланыштуу 2022-жылдын 1-октябрында ИИМ эки берене боюнча иш козгогон, 2023-жылдын 24-январында шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми 26-январда Биринчи май райондук соту аны 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Учурда иликтөө уланып жатат.

Буга чейин бир катар басылмалар укук коргоо органдарындагы булактарына таянып экс-вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кармалганын жазышкан. Бирок ИИМ расмий маалымат тарата элек болчу.

«Кактус» басылмасы Разаковдун кармалышына Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, президент Садыр Жапаровдун жардамчысы болгон Арзыбек Буркановдун арызы себеп болгонун жазган.

«Бурканов арызында “Разаков андан биргелешкен бизнести өнүктүрүү үчүн акча алганын, бирок аны аткарбай, акчаны да кайтарбаганын көрсөткөн», — деп жазган басылма.

ИИМден «Клоопко» арыздануучунун толук аты-жөнүн ачыктоодон баш тартышты, бирок министрлик көрсөткөн инициалдар Буркановдукуна туура келет.

Жеңиш Разаков

Разаков буга чейин ички иштер органдарында иштеген. 2011-2012-жылдары Баткен ОИИБин жетектеп, андан соң облус башчысы да болгон.

2016-жылы ал вице-премьер болуп дайындалган. Андан соң Коопсуздук кеңешинин катчысы, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болгон. Ал эми 2018-жылы кайрадан вицу-премьер кызматына кайткан — Раззаков укук коргоо блогу жана чек ара маселелерин караган.

Бирок 2020-жылдын башында ал өз каалоосу менен кызматынан кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков кызматынан бошотулду

«5 млн сом компенсация». Журналист менен активист Жеңиш Разаковду сотко беришти