Өткөн жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу жумушка орношту

Сүрөт: «Акчабар» порталы

2022-жылы 12 миң кыргызстандык чет өлкөдө мыйзамдуу түрдө жумушка орношкон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев атайын кеңешмеде билдирди.

«Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар дүйнөнүн 23 өлкөсүндө мыйзамдуу түрдө ишке орношо алышат. Министрликтин линиясы боюнча Улуу британия, Түштүк Корея, Германия, Япония менен жумуш орундарын камсыз кылуу боюнча келишимдер түзүлүп, Болгария, Финляндия менен келишимдер даярдалууда. Ошол эле учурда иш менен камсыз кылуу боюнча 142 жеке агенттик, алардын ишмердүүлүгүн Эмгек министрлиги көзөмөлдөйт, дүйнөнүн 23 өлкөсүндө ишке орноштуруу боюнча кызмат көрсөтөт», — деди ал.

Ошол эле учурда 2022-жылдын 1-ноябрына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматына каттоого тургандардын саны 101,8 миң адамды түзгөн.

Маалыматка ылайык, бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 1,6%га аз. Ал эми статкомдун эсептөөлөрүнө ылайык, катталгандардын арасында жумушсуздардын саны — 76 миңдеш ашат.

Иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо тургандар менен статистика комитетиндеги катталган жумушсуздардын ортосунда айырма бар. Иш менен камсыз кылуу кызматына кайрылгандардын тизмеси сунушталган жумуштан эки жолу баш тарткан, ошондой эле мамлекеттик органдарга ишке орношууга катталып, бирок 10 күндүн ичинде келбей калган адамдардан түзүлгөн.

Каттого турган жумушсуздардын жалпы санынын 44,8%ын аялдар түзгөн, ал эми калганы эркектер.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кымбатчылык жана жумушсуздук. Кыргызстандыктарды эң көп ойлонткон суроолор