Айыл чарба министрлиги пияз жана сарымсакты экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады

Айыл чарба министрлиги өлкөдөн пияз, сарымсак өңдүү жашылчаларды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан тышкары алып чыгууга убактылуу тыюу салууну сунуштады. Бул боюнча токтом долбоору 27-январда Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды.

Маалыматта чектөө киргизүү өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана пияздын баасын турукташтыруу максатында жасалып жатканы айтылган. Ошондой эле азыркы тапта пияздын баасы кыйла кымбаттап кеткени белгиленген.

Буга чейин Казакстан, андан кийин Өзбектан дагы пиязды экспорттоого чектөө киргизген — ага Пакистандагы суу ташкыны себеп болгон.

Министрликтен өлкөдөгү пияздын тартыштыгы азык-түлүк каатчылыгына алып келиши мүмкүн экенин белгилешти.

Эгер тиешелүү долбоор колдоо тапса, пиязды экспорттоого үстүбүздөгү жылдын 4-майга чейин тыюу салынат.