Кыргызстанда акысыз юридикалык кеңеш берген 114 линиясы иштеп баштады

Иллюстративдик сүрөт: Мамлекеттик каттоо кызматы

Чалуулар республиканын бардык аймагындагы жарандар үчүн жеткиликтүү жана акысыз. Долбоор БУУнун Өнүктүрүү жардамынын алкактык программасынын (UNDAF) колдоосу менен ишке ашырылууда.

Маалыматка караганда, жарандар аталган байланыш номуруна чалып, үй-бүлөлүк, мүлк менен байланышкан, эмгектик укук мамилелери боюнча, жер маселелери, социалдык колдоо, жарандарды документтештирүү жана башка маселелер боюнча акысыз юридикалык кеңеш ала алышат. Иштөө убактысы 09:00дөн 18:00гө чейин.

Долбоордун максаты — калкка мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды көрсөтүү шарттарын өркүндөтүү, ошондой эле аны көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана оперативдүүлүгүн камсыз кылуу.

Чалуулар республиканын бардык аймагындагы жарандар үчүн жеткиликтүү жана акысыз. Долбоор БУУнун Өнүктүрүү жардамынын алкактык программасынын (UNDAF) колдоосу менен ишке ашырылууда.

Автору: Аида Турсуналиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Өспүрүм кыздар үчүн ден соолук жана жетилүү жөнүндө мобилдик тиркеме иштелип чыкты

Салык кызматы товардын мыйзамдуулугун жана сапатын текшере турган тиркемени ишке киргизди