Санарипке өтүү: Жөлөк пул алуу үчүн айрым документтерди чогултуу жеңилдеди

Ведомстволор аралык маалымат алмашуу автоматташтырылып, жөлөк пул алуу үчун эки маалымкат кыскартылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен 27-январда билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Санарип Аймак» автоматташтырылган системасы Социалдык жардам көрсөтүүнүн кооперативдик маалыматтык тутуму менен биргеликте «Түндүк» электрондук системалары аркылуу иштеп, өз-ара маалымат алмашуу жүргүзөт.

«Бул сервис Министрликтин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине социалдык төлөмдөрдү дайындоого кайрылган жарандардын катталган жери жана үй-бүлө курамы тууралуу маалыматты ыкчам алууга мүмкүнчүлүк берди», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Ведомстводон буга чейин жашаган жери жана үй-бүлөсү тууралуу маалымат катты жергиликтүү бийлик органдарынан барып алышканы айтылды. Учурда маалымат катты берүү функциялары муниципиалдык кызматтардын базалык реестринен алынып салынганы маалымдалды.

Ал эми «Санарип Аймак» автоматташтырылган маалыматтык тутумуна кирбей калган жарандар базага каттоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылуусу зарыл.

2022-жылы Европа Биримдиги Кыргызстандагы санариптештирүүнүү өнүктүрүү үчүн 3 млн евро бөлгөн.

Ал эми 2021-жылдын аягында аталган биримдик билим берүү сектору менен санариптештирүүнү колдоо үчүн грант түрүндө 19,4 млн евро бөлүп берген.

Электрондук системага өтүү

2022-жылдын 11-майынан тарта минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга ведомстволор аралык жана ички кызматтык кат алышууларды электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу жүргүзүүнү тапшырган.

2022-жылдын январь айынын башында ал бардык мамлекеттик органдар толугу менен электрондук документ жүгүртүүгө өтөрүн билдирген болчу.

Ал эми президент Садыр Жапаров 2021-жылдын аягында эле маморгандарда электрондук документ жүгүртүүнү киргизүү ишин тездетүүнү тапшырган.

Автору: Айзада Кубанычбекова

Тема боюнча:

Минкаб: 1-апрелден тарта бардык маморгандар электрондук документ жүгүртүүгө өтөт