Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүүнү өнүктүрүүгө 3 миллион евро бөлөт

Сүрөт: КРнын Тышкы иштер министрлиги

Европа биримдиги Кыргызстанда санариптештирүүнү өнүктүрүү үчүн 3 миллион евро бөлөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө караганда, мындай чечим Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык боюнча башкы директору Петерис Устубс менен жолугушуусунун жыйынтыгында кабыл алынды.

«2021-2027-жылдарга карата көп жылдык индикативдик программанын алкагындагы долбоорлорду улантуу, ошондой эле санариптештирүү тармагындагы долбоордун алкагында 3 миллион евро өлчөмүндө бюджеттик колдоо алуу боюнча макулдашууга жетишилди», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Европа инвестициялык банкынын вице-президенти Тереза ​​Червинска менен жолугушту. Анда энергетика жана транспорт тармагындагы инфраструктуралык жашыл долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу талкууланды.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу жана аймактык кызматташтыктын потенциалын ачуу үчүн Кыргызстанга эксперттик топтун келиши боюнча макулдашууга жетишилгени айтылды.

2021-жылдын аягында Европа биримдиги Кыргызстанга билим берүү сектору менен санариптештирүүнү колдоого эки грант түрүндө 19,4 млн евро бөлгөн.

Ошондой эле Европа биримдиги 2021-2027-жылдарга карата Кыргызстан менен кызматташуунун жаңы көп жылдык индикативдик программасын кабыл алган. Бул программанын алгачкы төрт жылында өлкөгө башкаруу жана санариптештирүүгө, адамдык өнүгүүгө, жашыл жана туруктуу климаттык экономикага грант түрүндө 62 миллион евро каражат бөлүнөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

Султанбаев: Эскертүүдөн кийин бардык министрликтер санариптештирүү тууралуу маалыматарды берди

Жапаров: Санарипке өтүүнү каалабагандар — коррупциялашкан мекемелер