Баткен: Эки жашар кызын сабоого шектелген аял эки суткага камакка алынды

Эки жаштагы кызын сабоого шектелген аял эки суткага убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу «Кабар» маалыматтык агенттиги Баткен ОИИБне таянып жазды.

Ошондой эле, райондук администрацинын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде үй-бүлөнүн үч баласы убактылуу мамлекеттин камкордугуна алынып, «Кут Кадам» үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө жайгаштырылды.

Сүрөт: Баткен ОИИБи.

Буга чейин соцтүйүндөрдө аял баланы сабап жатканы тартылган видео тараган. Милициядан 27-январда Кадамжай районунун тургуну аялы кызын сабап салганын айтып арыз менен кайрылганын билдиришкен.

Арыз ээсинин айтымында, ал 2023-жылы аялы менен жашабай калган. Андан кийин аялы 5-январда экөөнүн ортосундагы 2 жашар кызын сабап жатканын видеого тартып WhatsApp аркылуу жиберген.

Милиция сотко чейинки тергөөнү баштап, балага соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизаларды дайындаган. Милиция далил буюму катары аялдын телефонун алган.

Аталган факт боюнча «Уруп-сабап кыйноо» беренеси менен кылмыш иши козголгон.