Бир тикток менен: Блогер Арген YouTube’дун алтын баскычын алды

Тиктокер Арген (argenby) YouTube’дун алтын баскычын алганы тууралуу видео чыгарды. Баскыч YouTube каналда 1 млн катталуучу топтолгону үчүн берилет, ал эми тиктокердин каналында болсо 4,8 млн катталуучу бар.

@argenby.sigman Мечты сбываются! #sigma #argenby #рекомендации ♬ The Months of the Year - The Kiboomers

Арген YouTube каналын 2021-жылдын майында ачкан. Анын видеолору жалпылап айтканда 2 млрддан ашык көрүүлөрдү топтогон. Соңку жарым жылдан бери каналында ТикТоктун форматына окшош кыска — Shots — видеолорду чыгарып келет.

Кыргыз тиктокери ымдоо аркылуу «Американский психопат» тасмасындагы сценаны чагылдырган видеосу менен дүйнөгө таанылган. Мындай ишарат макулдуктун белгиси.

Челлендж Sigma деп аталат. Англис тилдүү Urban Dictionary сөздүгүнө ылайык, Sigma — социалдык иерархия жана тышкы чөйрөнүн колдоосунан баш тартып, анын ордуна ички күчкө умтулган эркек.

Аргендин ТикТокто 15,6 млндон ашык катталуучусу бар. Анын видеолору көпчүлүк учурда 50 жана 100 млн жолу көрүлөт.