Пикир жана серепчилер бир тараптуу. Мамканалдардын НПО жана бийликти сындагандарга чабуулу

Ички же тышкы душмандын образын түзүү — саясатчылар менен пропагандистердин эң жакшы көргөн жана абдан эле натыйжалуу куралдарынын бири.

Кыргызстанда, мисалы, эгер бийликке жакпаган митинг өтүп жатса, ал аны бейөкмөт уюмдар уюштурду деп айыптап, жарандарга мындай митингдер өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруу үчүн гана өткөрүлөт деген ойду таңуулап баштайт. Көбүнесе бул ойду элге мамлекеттик маалымат каражаттары жеткирет.