«Таза иштеп турса, кетпейт». Акылбек Жапаровдун отставкасын талап кылгандарга президенттин жообу

Минкабдын башчысы Акылбек Жапаров таза иштеп жатканда эч ким аны кызматтан албайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде айтты.

Өлкө башычысы менен маектешкен журналист акыркы кездери Акылбек Жапаровдун дарегине сын-пикир көп айтылып, кызматын тапшырып кетсин дегенге чейин жетишкенин айтып өттү. Анын айтымында, бул ОСАГОдан улам болушу мүмкүн.

Президент муну талап кылып жаткандардын көпчүлүгү «ал кетсе, ордуна мен бара калсам» дегендер деп айтты. Анын пикиринде, блогерлерге, социалдык түйүндөргө «жамандатып» жаздыртып жатышат. Президент алардын кимдер экенин билерин кошумчалады.

«Акылбек Жапаров таза иштеп берип турса эле болду, кетпейт. Ансыз да 30 жылда 35 өкмөт башчы алмаштырып, Гиннес китебине киргендей болдук. Азыр мамлекеттик түзүлүш, мамлекетти башкаруу системасы мурдагыдай эмес, башкача. Албетте мамлекет башчы катары анын [минкаб башчысынын] ар бир кадамына тыкыр көз салып карап турам. Туура эмес кетип баратса: “Бул жерден туура эмес кетип бара жатасыңар. Өкмөт, токтогула” деп жол көрсөтүп турам», — деп белгиледи президент.

Жакында эле президенттин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда минкабдын төрагасы Акылбек Жапаровго карата каралоо болуп жатканын айткан. Ал Жапаров «мамлекеттик кызматтын бардык тепкичин ырааттуу басып өткөн такшалган жетекчи жана күчтүү кризис-менеджер катары өлкө жетекчилигине, минкабга алгылыктуу сунуштарды иштеп чыгып берүү менен, анын аркасында мамлекеттин бюджети, ошого жараша бир катар тармактын эмгек акылары, социалдык төлөмдөр жогорулатылганына салымы бар» экенин белгилеген.

Акылбек Жапаров баштаган минкабдын азыркы курамы 2021-жылдын 13-октябрында бекитилген. Минкаб башчылыгына Жапаровдун талапкерлигин президент өзү сунуштаган.

Садыр Жапаров Жапаровдун дайындалышын минкаб бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтөт деп «макулдашылды» деп түшүндүргөн.