Биринчи май районунда адамдын жүзүн аныктоочу функциясы бар жүздөн ашык камера орнотулат

Бишкектин Биринчи май районунда кишини жүзүн тааный ала турган жана аралыктан башкаруу функциялары бар 100 видеобайкоочу камера орнотуу пландалды. Бул тууралуу «Азаттык» аталган райондун акими Максатбек Садыкуловго таянып жазды.

Анын айтымында, бул камералар коомдук тартипти бузгандарды аныктап, жол кыймынынын эрежелерин сактоону көзөмөлдөөгө жана коомдо өзүн алып жүрүү эрежелерине байкоо салууга жардам берет. Биринчи май райондук акимчилигинде жана райондук милиция бөлүмүндө көзөмөлдөө борбору жайгашат. Муниципалдык органдын кызматкерлери укук бузгандарды аныктайт.

«Долбоорду ишке ашыруу үчүн 6 млн сомго жакын акча бөлүндү. Камералардын жардамы менен милиция укук бузгандар тууралуу реалдуу убакыт режиминде маалымат алат. Тургундар арасында өзүн алып жүрүү ченемдерин бузган, түкүрүп, вандалдык кылгандар, баш-аламан соода кылгандар бар. Жакында эле миллион сомго тендер жарыяланды, буюрса 16 камера орнотулат, андан кийин калганын орнотобуз. Үчүнчү кварталдын аягына чейин 100-120 ушундай камера орнотобуз», — деди Садыкулов.

Эркиндик бульварына камераларды орнотуу. Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы.

Анын пикиринде, камералар көчөдө мыйзамдын аткарылышына көзөмөл кылууга жардам берет.

31-январда Мэриянын басма сөз кызматы видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери Эркиндик бульварында башталганын билдиришти. Чүй проспекти, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү бульвардын 4 кесилишине камера коюлат.

Камералар күнү-түнү иштей турганы белгиленди.

ИИМдин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө республикада 2141ден ашык камера иштейт. Криминогендик кырдаалга Ички иштер министрлигинин Коомдук коопсуздук кызматынын ыкчам башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан күнү-түнү үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп турат.

Былтыр сентябрдан тарта мекеме сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен издөөдө жүргөн адамдарды аныктоо тутумун тесттик режимде ишке киргизген. ИИМден сырткы видеобайкоо камераларынын жардамы менен республиканын аймагында 163 адам кармалганын, анын ичинен: издөөдө жүргөн 137 адам жана дайынсыз жоголгон 27 адам аныкталганын билдиришти.

Башкы бетте иллюстрациялык сүрөт.