Эмгек министрлиги: Жыл башынан тартып «балага сүйүнчү» берүү жанданды

Иллюстративдик сүрөт/Azattyk

Кыргызстанда жаңырган жылдан тартып «балага сүйүнчү» берүү жанданды. Бул тууралуу «Клоопко» Социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Нуржан Алапаева билдирди.

Анын айтымында, ушул тапта төлөм эч тоскоолдуксуз жүргүзүлүп жатат, 2023-жылдын январь айына карата 18 миңден ашуун балага 76 млн сомго чамалуу каражат берилди.

Өткөн жылдын декабрь айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сүйүнчү берүү убактылуу токтотулган кабарлаган болчу. Буга мекеменин борборлоштурулган базасы жаңыланып жатканы себеп болгон.

Ага чейин 24.kg басылмасы сүйүнчү пул ала албай жаткан окурмандар редакцияга кайрылганын жазган.

Балага сүйүнчү

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага сүйүнчү бир жолку төлөмү бериле баштаган. Ал 4000 сомду түзөт.

Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, «балага сүйүнчү» ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.

«Балага сүйүнчү» Кыргызстандын жарандарына , кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга, балдары бар үй-бүлөлөргө социалдык жөлөкпулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктарды жөнүндө макулдашуу бар мамлекеттин жарандарына төлөнөт. Аларга Орусия, Казакстан, Белорус, Өзбекстан, Молдова, Тажикстан, Армения, Украина кирет.

«Балага сүйүнчү» үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек. Ал үчүн ашыкча документ талап кылынбайт — арыз ээсинин паспорту жана баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк жетиштүү.

Арыз кабыл алынгандан кийин акча каражатын РСК Банк жана Айыл банктын өлкө ичиндеги каалаган бөлүмүнөн алса болот.