ӨКМде Түштүк Кореянын колдоосу менен виртуалдуу окутуу-машыгуу классы ачылды

Сүрөт: ӨКМ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргоо адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунда виртуалдуу реалдуулук системасы аркылуу окутуу-машыгуу классынын расмий ачылуу аземи болуп өттү. Бул тууралууу 1-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага ӨК министри Бообек Ажикеев, «Interact» компаниясынын башкы директору Квон Нам Хёк жана KOICA агенттигинин директору Ли Жонг Су катышты.

«Кыргызстанда алгачкы жолу ачылган окуу борбору Кореянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин «XR виртуалдуу реалдуулук системасын иштеп чыгуу жана жайылтуу менен ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин квалификациясын арттыруу» долбоорунун алкагында ачылды. Долбоор Кореянын «Interact» компаниясы тарабынан ишке ашырылды», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Аталган окуу борбору заманбап өрт өчүрүүчү техникалар менен жабдылып, анда кызматкерлер виртуалдуу реалдуулук системасынын жардамы менен өрт өчүрүү жөндөмдүүлүгүн арттыра алышат.

Долбоордун алкагында «Interact» компаниясынын адистери 10 инструктор жана 120 өрт өчүрүүчүгө атайын тренинг жана виртуалдуу реалдуулук системасы аркылуу машыгууларды өткөрөт. Окуп чыккан инструкторлор кийин башка өрт өчүрүүчүлөрдү XR системасы аркылуу машыктырышат.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун жалпы баасы 7 млн долларын түзгөн. Анын ичине өрт куткаруу бөлүктөрүн куруу жана техниканы сатып алуу да кирет.

2022-жылдын 9-декабрында Түштүк Кореянын Эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги Жогорку Кеңешке 200 миң долларлык техникалык жардам көрсөтөрү айтылган.

Агенттиктин директору Ли Жонгсу алардын уюму 2023-жылдан 2027-жылга чейин кыргыз парламентин санариптештирүү алкагында долбоорду ишке ашырууга киришерин айткан.

Автору: Айзада Кубанычбекова