Кыргызстанда пиязды экспорттоого үч айлык мөөнөткө тыюу салынды

31-январда Министрлер кабинети өлкөдөн пияз, пияз-шалот жана пияз сымал жашылчаларды экспорттоого үч айга тыюу салды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, чектөөнүн себеби өлкөдөгү азык-түлүк сапатынын коопсуздугун сактоо жана продукциялардын бааларын турукташтыруу болуп эсептелет.

Январь айынын ортосунда өлкөдө пияздын баасы кымбаттаганы байкалган. «Турмуш» басылмасынын аймактардагы мониторингине ылайык, 1 килограмм пияздын баасы орточо 70 сомго чейин көтөрүлгөн.

Кыргызстандагы азык-түлүктүн кымбатташы

Соңку эки жылдан бери кыргызстандыктар азык-түлүктүн кымбаттыгынан кыйналып келет — 2020-жылдагы COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө баары кымбаттап жатат, анын ичинде биринчи керектелүүчү азык-түлүктөр да бар.

Бийлик кыргызстандыктарды тынчтандырууга шашып, бардык азык-түлүктү кошумча нарк салыгынан бошотуу каралып жатат деп билдирген. Такыр болбоду дегенде мамлекеттик резерв фондунда биринчи керектөөгө зарыл болгон азык-түлүктүн жетиштүү кору бар экени айтылган.

Анткен менен кыргызстандыктар 2022-жыл бою азык-түлүктүн кымбаттыгынан кыйналып келди. «Клооп» жаңы жыл алдында кыргызстандыктар күнүгө жей турган азык-түлүктөрдү тандап алып, Улуттук статистикалык комитеттин баалар боюнча мониторингин анализдеген. Биздин анализ азык-түлүккө болгон баалар жогору бойдон калып жатканын көрсөткөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Жыл жыйынтыгы: Азык-түлүк кымбаттап жатат — бул ковиддин илеби жана Украинадагы согуштун кесепети