Садыр Жапаров: ОСАГО долбоору чийки, өзүм көзөмөлгө алам

Президент Садыр Жапаров ОСАГО камсыздандыруусу жокторго айып салуунун күчүнө кирүү датасы жылганы боюнча комментарий берди. «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине берген интервьюсунда президент унааны милдеттүү камсыздандыруу жөнүндөгү мыйзам долбоорун «чийки» деп сыпаттады.

«ОСАГО боюнча айта турган болсом, [...] баарын териштирип көрүп, долбоорду жылдырдык. Азыр чийки. Анан да бул долбоорду мамлекет өзү колго алыш керек. Эч кандай жеке жактарга бербеш керек. Эл азыр жеке жактарга ишенбейт. Кайсы бир чиновниктин бизнеси деп түшүнүшөт. Ошол үчүн эл каршы чыгып жатат. Ошондуктан бул долбоорду өзүм көзөмөлгө алып, бардык жагын бышырып, эл өз эрки менен киргендей кылам. Себеби долбоор, негизинен, элге пайдалуу эле. Өнүккөн өлкөлөрдүн баарында автомобилдер камсыздандырууда турат. Болгону камсыздандырууну туура, адилеттүү, калыс иштетиш керек. Эрежелерин толук иштеп чыгуу үчүн убакыт керек. Жакшы иштеп кетсе, балким, кийинчерээк жеке жактарга дагы уруксат берсек болот. Элге тандоого мүмкүнчүлүк болот. Автоунааларын мамлекеттик компанияда камсыздандыргысы келеби же жеке компаниядабы? Атаандаштык болуп турат», — деди Жапаров.

1-январдан тарта өлкөдөгү айдоочулар ОСАГО полисин каттатсо болот. Камсыздандыруу милдеттүү жана аны өлкөдөгү бардык түрдөгү автотранспорт каражаттарынын ээлери алышы керек.

Бийлик 1-апрелден тартып камсыздандыруу полиси жоктугу үчүн физикалык жактарга 3000 сомдон, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сомдон айып сала баштайт деп айтылган болчу. Эми бул мөөнөт жылды.

Тема боюнча окуңуз: Кыргызстанда ОСАГО полиси киргизилди. Ал кандай иштейт экенин айтып беребиз