«Жаш муунду жаман жакка бурат». Парламентте TikTok’тун ишин «көзөмөлдөө» сунушталды

Депутаттар Шайлообек Атазов менен Таалайбек Масабиров парламенттин 1-февралдагы жыйынында TikTok’тун ишин «көзөмөлгө алууну» сунушташты. Эл өкүлдөрү бул видеосервис жаштарга «терс» таасир берет деп эсептешет.

Атазовдун айтымында, TikTok «жаман нерселерди» көрсөтөт, бирок депутат кандай жаман нерселер экенин так айткан жок.

Шайлообек Атазов. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

«Көрдүңүздөр, интернет булактарында, мына ТикТокто жаман нерселерди көрсөтүп жатат. Бул ТикТок деген биздин жаш муундарды жаман жакка, идеологияны бура турган болот окшойт. Маданият министрлигине тапшырма берип, иш алып барбайсыздарбы? Уят, бир үй-бүлө менен кантип көрүп атат, бул жерде биздин мамлекеттин улуттук баалуулуктары, улуттук саясаты да болушу керек да. Ошону караган тармак эмне кылып атат? Башка өлкөлөрдө жок бул ТикТок деген, Өзбекстан, Казакстанда [жок]. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар», — деди Атазов.

Масабиров кесиптешин колдоп, видеосервисти «сөзсүз түрдө көзөмөлгө алуу керек» деп айтты.

Таалайбек Масабиров. Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

«Азыр карагандан да коркуп калдым, эми жаш балдар [көрүп атат]. Биздин идеологиябыз болушу керек да. Жаш балдарыбызды спортко үндөшүбүз керек, жана коллегаларыбыз айтып кетти, үрп-адат, маданиятыбызды, идеологиябызды жандандырышыбыз керек [...] Азыр балдарымдан коркуп калдым, дайыма телефондорун карап турам [...] биздин маданиятка жатпаган нерселерди көргөзө баштады», — деди ал.

Эл өкүлү коңшу өлкөлөрдө «мындай жок» экенин кошумчалады.

«Биздин мамлекетке алып келип, пилоттук долбоор кылып киргизип атышабы ушуларды? Бул бизге жакпайт. Ошон үчүн, Алмаз Акунжанович, Маданият министрлигине айтып, бизге жобосун берип койсоңуз», — деди Масабиров.

Кыргызстанга коңшулар өлкөлөрдө TikTok’тун ишине расмий бөгөт коюлган эмес. 2021-жылы гана Өзбекстанда видеосервис жарым жылга бөгөттөлгөн. Буга «Жеке маалыматтарды [коргоо] жөнүндөгү» мыйзамдын бузулушу себеп болгон. Бул мыйзамга ылайык, Өзбекстандын жарандарынын соцтүйүндөрдөгү серверде топтолуп, иштелип чыккан жеке маалыматтары өлкө ичинде гана таралышы керек. 2021-жылдын декабрында TikTok Өзбекстанда кайрадан иштей баштаган.

Кыргызстанда TikTok’ту бөгөттөө боюнча сунуш биринчи жолу эле берилип жаткан жок. Буга чейин өлкөдө видеосервиске тыюу салуу сунушу менен депутат Надира Нарматова чыккан.