Депутаттар Маданият министрлигинен соцтүйүндөгү контентти көзөмөлгө алууну талап кылышты

Депутат Эмил Жамгырчиев менен Жаныбек Кыдырбаев Маданият министрлигинин өкүлүнө кайрылып, контенттке көзөмөл кылып, соцтүйүндө ыплас жарнама кылгандарга карата жазаны күчөтүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу депутаттар 2-февралда Жогорку Кеңештин «Жарнама жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу жыйынында айтып чыгышты.

«Сиздер алып келген мыйзам чийки. Механизми менен рычагы жок болуп жатпайбы. Жарнама [бул] жөн эле административдик кылмыш. Ал эми министрлер кабинетин азыр жетектеп жаткан башчысынын карикатурасын жасап эмне деген ыплас сөздөрдү жазбай жатышат. Ошолорго чара көрө албай жатып, жарнамага чара көрөсүздөрбү? […] TikTok деген бале болуп жатпайбы. Эмне деген наркотикалык каражаттарды жарнамалашкан жок, андан башка оюн-зоокторду көрсөтүп жатышат, бирок жазасы жок болуп жатпайбы», — деди Жамгырчиев.

Ал эми Жаныбек Кыдыкбаев соцтүйүндөрдө экономикага тиешеси жок, баалулуктарга жана элдин маданиятына каршы келген жарнама көп деп эсептейт.

Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстанда соцтүйүндөрдү мониторинг кылуу борбору түзүлүп жатканын, ал министрликтин адында пайда болорун билдирди.

«Азыркы тапта Казакстандын тажрыйбасын алып, бизде мониторинг борбор түзүлүп жатат. Ошонун негизинде буга чейин айтылгандай, Meta, TikTok, Google менен келишим түзсөк, алар менен иштешүүгө негиз болот. Ал борбор ишке кире турган болсо, тез арада чара көрүүгө мүмкүнчүлүк болот», — деп жооп берди Эсенгул уулу.

Күн мурун депутаттар Шайлообек Атазов менен Таалайбек Масабиров дагы парламенттин 1-февралдагы жыйынында TikTok’тун ишин көзөмөлгө алууну сунушташкан. Эл өкүлдөрү бул видеосервис жаштарга «терс» таасир этип жатат деп эсептешет.

Атазовдун айтымында, TikTok «жаман нерселерди» көрсөтөт, бирок депутат ал кандай жаман нерселер экенин так айткан эмес.

Масабиров кесиптешин колдоп, видеосервисти «сөзсүз түрдө көзөмөлгө алуу керектигин» айткан.