Укук коргоочу: Орус абактарынан Украинадагы согушка биринчи кезекте борбор азиялыктар тартылууда

Орусиянын «Русь сидящая»* укук коргоо уюмунун башчысы Ольга Романова 30-январда «Дождь» телеканалына курган мегинде Орусияда абакта отургандарды Украинадагы согушка тартуу жаңы деңгээлге чыкканын айтып берди.

*«Русь сидящая» — соттолгондорго жана алардын үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүүчү Кайрымдуулук фонд долбоору, анын алкагында укук коргоочулар каражат чогултуп, Орусиянын сот адилетсиздигинен жапа чеккендерге жардам көрсөтүшөт.

Романованын айтымында, абактагыларды согушка ошол эле Вагнер жеке менчик аскердик компаниясы тартып жатат.

«Бизге [оппозициячыл саясатчы] Алексей Навальный отурган Владимирск облусундагы №6 Түзөтүү колониясынан кеңири маалымат келип түштү. Бизге [абактагылардын] жакындары [Украинадагы согушка] массалык чогултуу башталды деп жазышат. Сурабай этпей, уруксат албай, контракт түзбөстөн эле Вагнер ЧВКсына алып кетип жатышканын көрүп жатабыз. Алардын баары чет өлкөлүктөр — баарынан мурда мурдагы гастарбайтерлер, Борбордук Азиядан чыккандар», — деп айтып берди ал.

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин маалыматына ылайык, Орусиянын абак жайланышда Кыргызстандын 1077 жараны бар, алар 79 ар башка жабык жайларда отурат. Бул тууралуу ал 31-январда Бишкекте өткөн басма сөз жыйында айткан.

Башкы прокурор бийлик аталган кыргызстандыктарды жаза мөөнөтүн андан ары Кыргызстанда өтөшү үчүн өлкөгө алып келүү маселесин талкуулап жатканын кошумчалаган.

Азырынча Орусияда жаза өтөп жаткан канча кыргызстандык Вагнер ЧВКсына тартылганы белгисиз. Бирок буга чейин кыргызстандык Аян Алишеров тууралуу белгилүү болгон. Ал орус армиясы 2022-жылдын жай мезгилинен бери басып алууга аракет кылып жаткан Украинанын Бахмут шаарында каза тапканы айтылган.

30 жаштагы Алишеровдун туугандары ЖМКга маркум Орусиянын курамына кирген Мордовия республикасындагы колонияда жаза өтөп жатканын айтып беришкен. Иниси менен акыркы жолу сүйлөшкөндө Алишеров алардын колониясына Вагнер ЧВКсынан келишкенин айткан. Сүйлөшүүдө маркум согушка баруу ниети тууралуу айткан эмес, бирок андан кийин жакындары менен байланышпай калган.

Тышкы иштер министрлигинен «Клоопко» мекемеде Кыргызстандын жарандары Украинадагы согушта орус аскерлеринин курамында согушуп жатканы тууралуу маалыматы жоктугун билдиришкен.

Ольга Романованын айтымында, 2022-жылдын июнь айынын аягынан бери Вагнер ЧВКсы Орусиядагы түзөтүү мекемелеринен 35 миң кишини согушка тарткан.